www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус жуктурган орусиялык актриса Янина Бугрова үй карантинин бузуп, көчөгө чыгып кеткен. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

"Бирге бактылуубуз" ("Счастливы вместе") комедиялык телесериалына тартылган 43 жаштагы актриса Франциядан келгенине байланыштуу коронавируска тест тапшырган. Тесттен вирус аныкталып, бирок жеңил түрү болгондуктан дарыгерлер ооруканага жаткырбай, үй карантинине чыгарышкан.

3-апрель күнү актрисадан кабар алуу үчүн келген "Тез жардам" бригадасы аны үйүнөн таппай калып, 11 чакырым алыстыкта жүргөнүн билишкен. Медицина кызматкерлери дароо полицияга кайрылышкан. Укук коргоочулар Бугрованын социалдык тармакка жүктөгөн сүрөттөрүнөн бир нече ирет карантинди бузгандыгын аныкташкан.

Актрисанын апасынын айтымында. Янина Бугрова эч жака качан эмес.Ал энесинин үйүндө, ал эми анын үйүндө апасы небересин менен жашап жаткан. 

Эске сала кетсек, Россиянын президенти Владимир Путин 1-апрелден тартып карантинди бузган жарандарга айып киргизүү тууралуу буйрукка кол койгон. Буйрукка ылайык, эгер жаран карантинди бузуп, адамдардын массалык түрдө вирус менен оорусуна алып келсе, анда 500-700 миң рубль айыпка жыгылат же 2 жылга чейин жазага тартылат.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости