www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ухань шаарында чыккан коронавирустан каза болгондордун саны 425ге жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, коронавирустун жаңы тиби менен ооругандардын саны 20 000ге жетип, анын ичинен 425 киши каза тапты. Мындан сырткары, аталган виурс 20 өлкөгө тарап кетти.

Кытай дарыгерлеринин пикиринде, жаңы вирустун жайылышы дагы он күн уланып, андан соң абал турукташат. Бирок Гонконг университетинин адистери Кытайда бул илдетти жуктуруп алгандардын саны апрель-май айларында өтө көп болот деп болжолдошууда.

Эске салсак, адам организминде буга чейин кездешпеген вирустан улам,  дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү коопсуздук чараларын күчөтүп жатышат. Кыргызстан Кытай менен каттамдарды убактылуу токтотконун премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-январда өкмөттүк жыйында билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости