www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус менен туберкулездун айырмасын билип алыңыз

COVID-19 менен кургак учуктун (туберкулез) ортосунда кандай окшоштуктар бар? Бул суроого Улуттук фтизиатрия борборунан маалымат беришти.

Эки ооруда тең ысытма жана алсыздык бар. Бирок экөөнүн эң чоң айырмачылыктарынын бири – бул белгилердин пайда болуу ылдамдыгы. Адатта, кургак учуктун белгилери инфекциядан кийин дароо пайда болбойт, бирок акырындык менен, көбүнчө бир нече жумадан ашык убакытка созулат, ал эми COVID-19 инфекциясынын белгилери бир нече күндөн кийин пайда болушу мүмкүн.

Кургак учук менен ооруганда адам кургак учук таякачаларын ташуучу экендигине карабастан өзүн жакшы сезип, башкаларга жугуштуу болбойт. Ушул учурда адамда кургак учуктун таякчалары бар, башкача айтканда, кургак учуктун латенттик (жашыруун инфекциясы) түрү, ал кийинчерээк кургак учуктун активдүү түрүнө өтүшү мүмкүн. Ошентип, кургак учук таякчасын жуктурган адам:

1. Бир нече жума ичинде кургак учук менен ооруп калышы мүмкүн (иммундук системанын алсырагандыгынан улам);

2. Көп жылдардан кийин иммундук система алсырап, инфекцияга туруштук бере албай калган учурда оорушу мүмкүн;

3. Кургак учукту алып жүрө берет жана эч качан кургак учук менен оорубайт.

Азыркы учурда COVID-19 белгилери жуктургандан кийин 2-14 күндө пайда болот, орточо инкубация мезгили 5 күн. Жаңы коронавирустун латенттик түрүнүн бары же жогу белгисиз, бирок кээ бир адамдар COVID-19 вирусунун белгисиз формасын алып жүрүүчү болушу мүмкүн экендиги жөнүндө далилдер бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости