www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 24-февралда коронавирус жугузуп алгандар алгачкы жолу Ооганстанда, Бахрейнде жана Кувейтте катталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары билдирди.

Азыркы учурда  оорудан өлгөндөрдүн саны боюнча Кытайдан кийинки эле орунда Иран турат. Өлкөнүн мамлекеттик басма сөз каражаттары кабарлагандай, вирусту 50дөй киши жугузуп, анын ичинен 12си каза тапкан.

Түштүк Кореяда ооруну жугузуп алгандардын саны 770 кишиге чукулдады. Жети киши оорудан көз жумду.

Италияда 150 киши жуктуруп, үч киши каза тапканы маалым болду. Бийлик коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында өлкөнүн түндүгүндө, анын ичинде Венецияда эл көп чогулчу жыйындарга тыюу салды.

Вирус чыккан Кытайда ооругандардын саны 77,7 миңден ашты. 2663 киши көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости