www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон үч айдын ичинде медициналык кызматкерлерге кошумча айлык акы төлөө үчүн Президенттин резервдик фондунан 12,4 миллион сомони бөлүп берди. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты.

Андан тышкары, Эмомали Рахмон өзүнүн бир айлык эмгек акысын коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү иш-чараларга бөлгөн, бирок президент канча акча бөлгөн азырынча так сумма айтылган эмес.

Ошондой эле  президент туруктуу персоналдарга, Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министрлигине жана башка тиешелүү органдарга коронавирус менен күрөшүүдө алдын алууну күчөтүүнү тапшырды.

Эске сала кетсек, Тажикстанда коронавирус кечээ, 30-апрелде расмий жарыяланып, илдет 15 адамда аныкталган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Тажикстанга азырынча өз пикирин билдирип, эч нерсе айтпагыны менен адистерин Тажикстанга жеткирүүнүн жолдорун издеп жатышкандыгы кабарланды. 

Ошентип, дүйнөнү дүрбөлөңгө салган коронавирус илдети Тажикстанга ийилип “салом” деп кирип барды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости