www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдагы коронавирусту биринчилерден болуп айтып чыккан ЛИ Вэнлиан көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар, кытай булактарына таянып жазып чыкты.

Маалыматка караганда,   дарыгер 2019-nCov коронавирусунун жайылышын биринчилерден болуп айтып чыккан. Кийин өзүнө да жуктуруп алган.

"Женьминь Жибао" мамлекеттик басылмасынын маалыматы боюнча, алгачкы кабарларда дарыгер "көз жумганы" айтылып, кийин "оор абалда ооруканада" деген сөз менен алмашкан эле.

Ли жаңы коронавирустун жайылышы жана өзүнүн илдети тууралуу айтып бере баштагандан тарта өтө чоң популярдуулукка жеткен. Weibo, "Твиттер" аркылуу ага колдоо көрсөтүп, тилектештик билдиргендер саны кескин көбөйгөн. Айрымдар аны баатыр деп атай баштаган.

Ли Вэнлиань Ухандагы ооруканалардын биринде офтальмолог болуп иштеген. Ал 2019-жылы декабрда мурда белгисиз болгон илдетти байкаган. Анын козгогучтары SARS коронавирусуна окшоп кетерин айткан.

30-декабрда бул тууралуу кесиптештерине эскертет. Төрт күндөн кийин аны коопсуздук кызматына чакырып, "коомду дүрбөтүү максатында жалган маалымат таратуу аракетин көргөнүн" моюнга алып жазып берүүгө мажбурлашкан.

 “Жалган маалымат таратып, элди дүрбүттү” деп полиция сегиз кишини суракка алган.

Үстүбздөгү жылдын январь айынын соңунда, вирус бүт өлкөгө жайылып, Ли Вэнлиань өзү дагы вирусту жуктуруп алганын Weibo, "Твиттер" аркылуу айтып чыккан. Бийлик дарыгерден кечирим сураган эле.

Ли Вэнлиань 34 жашта болгон.

Коронавирустан каза тапкандардын көбү 60 жаштан өйдө курактагы кишилер. Айрым дарыгерлер бул курактагыларды кооптуу топтогулар катары дагы бөлүп көрсөтүүдө. Доктор Линин башка илдети болгонбу, же жокпу, белгисиз бойдон калды.

Белгилей кетсек, коронавирустан азыркы учурда 636 киши каза болуп, 31 361 киши аталган ооруну жуктургандыгы кабарланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости