www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аксы райондук аймактык ооруканасынын медайымы коронавирус боюнча жалган маалымат таратканы аныкталып, окуяны милиция териштирип жатат. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, дарыгер жаңылыштыктын айынан туура эмес маалымат таратып алганын моюнга алып, коомчулуктан кечирим сураган.

“Мен бизге келген бейтап боюнча туура эмес түшүнүп, кошуналарыма такталбаган маалымат жөнөтүп алыпмын. Ал бейтап карантинге алынып, анализи толук чыга элек тургун экен” деп айтылат дарыгердин кайрылуусунда.

Буга чейин "Вотсап" аркылуу “Аксыда чет өлкөдөн келген адамдан коронавирус илдети аныкталып, ооруканага түштү" деген аудио тараган.

Учурда бул факты боюнча дарыгердин аракетине юридикалык баа берүү максатында тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости