www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус вакцинасынын экспериментинин алгачкы жыйынтыгы жарыяланды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты. 

Америкалык дарыгерлер жаңы коронавируска каршы классикалык вакцинанын алгачкы клиникалык сыноолорунун жыйынтыктарын жарыялашты. EBioMedicine журналына жарыяланган бул эмгекте окумуштуулар SARS жана MERS вирустарына каршы күрөшүү тажрыйбаларын жетекчиликке алышкан.

“Бул эки козгогуч SARS-CoV-2нин жакын туугандары болуп саналат жана алардын изилдөөсү көрсөткөндөй, S-белок  иммундук жоопту түзүү үчүн маанилүү ролдордун бирин ойнойт. Жаңы вирус менен кантип күрөшүүнү алдын ала билгенбиз деп айта алабыз”,-деп билдирген Питтсбург университетинин доценти, изилдөө авторлорунун бири Андреа Гамботто.

Лабораториялык чычкандар менен эксперимент жүргүзүүдө, мүмкүн болуучу вакцинанын SARS-CoV-2 спецификалык антителолорунун өндүрүлүшүнө көмөкчү болоору аныкталды, бул вирусту нейтралдаштыруу үчүн жетиштүү болушу керек.

Окумуштуулар эми вакцинанын клиникалык сыноолорун ыктыярчылардан өткөрүүгө уруксат алууну көздөшүүдө.

Эске сала кетсек, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда бүгүн, 3-апрелде коронавирус илдетин жуткурган адамдар дүйнө жүзү боюнча миллиондон ашкан. Анын 50 миңден ашууну көз жумганы белгилүү болду.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости