www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ухандагы вирусология институтунун жетекчиси Юань Чжимин CGTN каналына берген маегинде коронавирусту атайын жасап чыгарды деген сөзгө далил жок экендигин билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактар жазып чыкты.

Мындай жыйынтыкка ал вирусология жаатындагы жеке тажрыйбасынын негизинде келген.

"Кээ бир окумуштуулар вирусту синтездеп чыгууга укмуштуудай интеллект жана аябагандай көп эмгек талап кылынарын айтышат. Ошондуктан биз, адам баласы, мындай вирусту синтездеп чыгарыбызга эч качан ишенбейм",-дейт Чжимин.

Эксперттин билдирүүсүнө караганда, ал иштеген институттан инфекция "чыгып кетиши" мүмкүн эмес болчу. Анткени мекемеде катаал көзөмөл жана башкаруу системасы иштейт. Ал эми кызматкерлер атайын жобонун негизинде гана изилдөө иштерин жүргүзө алат.

Юань Чжимин кытай окумуштууларынын тиешеси бар делген жасалма вирус тууралуу божомол кайдан келип чыккандыгына да токтоло кетти.

Анын айтымында, вирусология институту жана BSL-4 лабораториясынын Уханда жайгашышына бацланыштуу элде ушундай ой пайда болгон.

Мындан тышкары, ал америкалык сенатор Том Коттондун вирустун жаңы тиби Ухандагы вирусология институтунда иштелгендиги тууралуу айыптоосун эске салды.

"Эч кандай далил жок, мунун баары курулай доомат", - деди окумуштуу.

Ал мындай сөздөр аталган институттун эпидемияга каршы ишмердүүлүгүнө жана илимий ишмердүүлүгүнө жолтоо болуу менен адамдарды адаштыруу үчүн жасалууда деп болжолдойт. Чжимин көптөн бери лабораториянын биологиялык коопсуздугун камсыздоо иши менен алектенерин жана мындай калпыстык иштердин болушу мүмкүн эместигин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости