www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 17-апрель күнү саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча онлайн жыйын берүүдө.
Коронавирус жуктурган милиция кызматкеринин абалы туруктуу экендиги айтылды.
"Аны менен байланышта болгон 90 адам бар, аларга да текшерүү жүргүзүлдү. Азырынча байланышкан адамдардан эч кимде коронавирус аныктала элек", - деди Үсөнбаев.
Эске сала кетсек, бүгүн, 17-апрелге карата коронавирус илдетин жуктурган бейтаптардын саны 489 адамга жетти. Анын ичинен 266сы аял кишилер, 223ү эркек кишилер. Коронавирус менен ооругандардын жашына караганда 35 жаштан 55 жашка чейинкилер жоон топту түзүп жатышат. Бул тууралуу бүгүн Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Илдет менен жабыркагандардын жаш курагы:
– 0 жаштан 15 жашка чейин – 45 адам (анын ичинде 1 жашка чейинки 3 ымыркай бар);
– 16 жаштан 19 жашка чейин – 33 адам;
– 20 жаштан 35 жашка чейин – 118 адам;
– 36 жаштан 55 жашка чейин – 189 адам;
– 56 жаштан өйдө – 124 адам.
Булак: NazarNews.kg