www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус жуктургандар дарылоосуз айыга алабы?

Коронавирус жуктургандар дарылоосуз айыга алабы деген суроого Пекин университетинин эл аралык ооруканасынын дарыгери Ван Гоцян мындайча жооп берди.

“Өпкөнү сезгенткен жаңы вирус, дарылоосуз эле айыгуучу илдет эмес. Вирустун жумшак белгилер менен ооруган бейтаптардын ден соолугу күтүлбөгөн жерден начарлап кетүү коркунучу бар. Ошондуктан дарыланышы зарыл. Коронавирус аныкталган адам тез арада ооруканага барышы керек», - деп билдирди.

Муну менен катар дарыгер өнөкөт оорулары бар улгайган бейтаптардын оорусу күчөп, өлүмгө алып келиши мүмкүн экендигин кошумчалады.

Эске сала кетсек, Кытайдын Ухань шаарынан тараган короновирус 3 ай ичинде эле 150дөн ашык мамлекеттерге жайылып кетти. Өпкөнү сезгенткен жаңы вирус дүйнө жүзү боюнча 250 миңге жакын адамга жугуп, он миңден ашуун адамдын өмүрүн алды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости