www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сауд Арабиясы вирустан сактануу үчүн зыяратчылардын кирүүсүн убактылуу токтотот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Сауд Арабиясынын Тышкы иштер министрлигинин берген маалыматына таянып жазып чыкты.

Маалыматка караганда, өкмөт өлкөгө умра сапары менен баргандарды киргизбей турууну чечкен. Мындан тышкары вирус аныкталган өлкөлөрдөн туристтердин келүүсүнө да тыюу салган.

Муну менен катар, Сауд арабия бийлиги Перс булуңундагы өлкөлөрдүн жарандарынан аймагына кирип-чыгууда паспорт көрсөтүүнү талап кылууда. Негизинен Перс булуңундагы өлкөлөрдө ич ара паспорттун ордуна атайын күбөлүк колдонулат.

Белгилей кетсек, ушу тапта Кытайда коронавирусту жугузуп алгандардын саны 80 миңге, каза тапкандардын саны 2 704 адамды түздү. Ошондой эле оорудан 27 миң киши айыгып кетти. Учурда аталган илдет 40ка чукул мамлекетке тараган.

Эске сала кетсек, Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган. Кийин аталышы COVID-19 деп өзгөртүлгөн.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости