www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавируска каршы алгачкы вакцина 1,5 жылдан кийин гана чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесустун сөзүнө таянып, РИА Новости билдирди.

"Вакцина иштеп чыгуу изилдөө иштеринин өтө маанилүү бөлүгү, бирок ага көп убакыт талап кылынат. Анткен менен биз азыр таптакыр алсыз эмеспиз. Бүгүнкү күндө илдетти жуктуруп алууну алдын алчу жолдор бар. Мисалы, биринчи вакцина 18 айдан кийин жарыкка чыгат. Ага чейин вируска каршы колдо бар мүмкүнчүлүктөрдү пайдалана турабыз”, — деди ал.

Эске сала кетсек, Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган.

Акыркы маалыматтар боюнча, коронавирус оорусунан каза тапкандардын саны  1000ден ашты жана жуктуруп алгандардын 42 638 адам. Сакайып кеткендер 3996 киши экени айтылган. Ошондой эле, Кытайдан тышкары 30га жакын өлкөгө тараган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости