www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын баш калаасы Ташкен шаарында COVID-19га каршы эмдөөдөн өтпөгөн кызматкерлерди аныктоо боюнча текшерүүлөр жүрүүдө. Бул тууралуу "УзА" агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, 17-январда жумушчу топ шаардагы 305 чарбалык субъекти менен 203 бюджеттик мекемени текшерген. Жыйынтыгында 1244 жаран коронавируска каршы вакцина албаганы аныкталган. Алардын ичинен 1044 кызматкер иштен алынса, 200 кишиге айып пул салынган. Мындан тышкары бир ишкананын иши токтотулган.

18-январда Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө коронавирус жуктургандар көбөйүп жатканын билдирип, вирус бир сутканын ичинде 1214 кишиден аныкталганын кабарлаган. Бул пандемия башталгандан бери Өзбекстанда бир күндө катталган эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости