www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белорус бере турган автобустар кимдин кызыкчылыгын коргойт. Жол транспорт министри Осоев оозун ачып, Бишкек мэри Жунушалиев «жугундуга» тоюп жүргүчө, Белорус жаңы жүргүнчүлөрдү ташый турган автобустарын Бишкек шаарында сыноодон өткөзө баштады. МАЗ 206946 маркасындагы автобустар майыптардын коляскалары үчүн атайын трамптары бар, жүргүнчүлөрдүн кирип, чыгышына жардам бере турган «Книлинг» системасы бар. Бишкектин мэри Жунушалиев Белорустун өнөр жай министри Петр Пархомчик менен токтомго кол коюшту. Бул токтом боюнча «МАЗ» Акционердик коому Бишкекке газ жана электр менен жүргөн автобустарды берет.

Андан тышкары Азия Өнүктүрүү банкы тарабынан элетробустарды сатып алуу үчүн 50,65 млн доллар бөлүнгөн. Анын 25 миллиону насыя түрүндө, 25 миллиону грант түрүндө, бул акчаларга 120 электробустарын сатып алса болот. Электробустардын алгачкы партиялары 2022-жылдан келип, Киев көчөсүнөн жүрө баштайт. Бишкекте микроавтобустарды алмаштыруу үчүн 1300 габариттүү чоң автобустар керек. Бүгүнкү күндө күнүгө 130-135 троллейбус жана 100 автобус рейске чыгып турат. Бул жетишпейт, ал эмес электробустар келсе дагы.

Мындан эки  ай мурда Бишкек шаарында жол кире көтөрүлүп, «күрүчтүн аркасы менен күрмөк суу ичет» деп бул жакка каттаган кичи автобустар да жол кирени көтөрүшкөн. Бир айдан саал өтүп бензин куйа турган жайларда бензиндин баасы көтөрүлгөнү үчүн бул жакка каттай турган кичи автобустар ишемби, жекшемби күндөргө карата каттоону токтотуп коюшту. Элдин убалы кимге? Маршруттук кичи автобустар токтоп калса да эл Бишкекке ар кандай жумуштар менен барыш керек, учурда таксилерге күнү түшүп жаткан убак. Албетте, таксинин жол киреси кымбат, бирок «Ат башына күн түшсө, ооздугу менен суу ичет, жигит башына күн түшсө өтүгү менен суу кечет» болушуп, кымбатына карабай Бишкекке келишти.

Бишкекке келген ар бир автобустун наркы 33 миң доллар турат. Мурунку автобустарга салыштырмалуу ыңгайлуулугу жок, кичинекей. Бул автобустарды билгизбей элге сиңириш үчүн жарым ай бекер каттатып, жол кирени кымбаттатуу тууралуу шопурлардын митингдерин уюштуруп, эптеп ыңгайсыз автобустарды Бишкекке тыкты. 

Калайык-калктын бары тең Бишкек депутаттарындай бардар көпөстөрдүн жек-жааты эмес. Азыр Европадагы кээ бир кыргыз жигиттери өздөрүнүн акча каражаттарына ыңгайлуу автобустарды сатып алып, жол кирени 8 сомдон эле кылып, Бишкекке жардам көрсөткүсү келип турат. Арифметикалык эсепке салышса 8 сомдон ар кандай чыгымдарды жаап, андан да ашып калат экен. Бирок, бул үчүн Бишкек мэринин кепилдиги керек эле. Бишкек мэри болсо Өзбекстандан өтпөй жаткан кымбат автобустарды 33 миң доллардан Бишкекке тыкты. Эми болсо жол кире көтөрүлдү. 

 Шаардын борбордук бөлүгүндө экологиялык жактан таза муниципалдык коомдук транспорт гана каттайт.  Бул көйгөйдү чечүү үчүн биринчи кадам жасалган. Июнь айында линияга Өзбекстанда чыгарылган ISUZU үлгүсүндөгү 33 миң долларлык 50 автобус кирген. Бул компания менен түзүлгөн келишимдин алкагында, дагы 40 автобус жеткирилген. Бирок булар газ менен жүрүүчү автобустар.

2023-жылга чейин алар газ менен иштеген 1 миң унаа жеткириши керек. Ал эми кийинки жылы ден соолугунан мүмкүнчүлугү чектелген адамдар үчүн пандустарды камтыган 350 автобус, анын ичинде ири автобустар алынып келинет. Эл аралык донорлор менен келечектүү долбоорлор бар. ЕРӨБ «Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспорттук тутумун өркүндөтүү» долбоорун пландаштырууда. Долбоорго ылайык, жаратылыш газы менен иштеген автобустарды сатып алууну жана автобус паркын оңдоону пландалып жатат. АӨБ «Шаардык транспортту электрлештирүү» долбоорун ишке ашырууну пландап жатат. Ал эки фазага бөлүнөт. 1-фаза — электр автобустарын сатып алуу, 2-фаза — муниципалдык транспорттогу маселени изилдөө. Долбоордун алкагында 120дан ашык электр автобустарын жана ДЕПОну модернизациялоо пландаштырылууда.

Бишкек мэриясы шаардык кеңештен биринчи эле жыйынында коомдук транспорттогу жол кирени көтөрүү маселесин карап берүүнү өтүнө башташкан, акыры тилектерине жетишти. Бишкек шаардык кеңеши коомдук транспортко жол киренин баасын 1-ноябрдан көтөрүүгө макулдук берип, ага ылайык, маршруткадагы жол акы 15, автобус менен троллейбустардыкы 11 сомго жогорулаган.

Вице-мэр Таалайбек Орозов токтом долбоорунда экспресс маршруткаларга өзүнчө тариф коюлбаганын кошумчалаган. "Бул маршрут жакшы ой менен ишке киргизилген. Мисалы 12-кичи райондон чыккан экспресс маршрутка "Дордой" базарына чейин төрт эле аялдамадан токтошу керек. Ошон үчүн ага жогорку тариф коюлган. Бирок алар артыкчылыктарын колдонуп, ар бир көчөнүн кесилишине да токтоп жатат. Эми андай артыкчылык берилбейт", — деген Орозов. Экспресс маршруттардын жол киреси 17 сом болчу.

Вице-мэрдин айтымында, Бишкек мэриясынын балансында 476 автобус болсо, анын 140ы гана иштейт. 183 троллейбустун 110у гана линияга чыгат. Ал эми 3000 маршрутка каттоодон өткөн болсо, 900-1300ү эл ташыйт. Жакында Бишкек шаарына 33 миң долларлык автобустар келген. Жаңы келген автобустар шаарыбыздын экологиясына мурдагыдан да терс таасирин тийгизип жатат дегендер да чыкты. Буга чейин Бишкек мэриясы «Эко Пассажирские перевозки» ЖЧКсы менен газ менен жүрүүчү эко - автобустарды алып келүү боюнча келишимге кол коюшкан. Азыркы автобустар Өзбекстандан келип жатат. Газ менен эмес дизель автобустар. Бул шаарыбызды экологиясына мурдагыдан да терс таасирин тийгизет. Газдаштырабыз деген Бишкек ТЭЦ ишке ашпай турган болду, газ менен жүрөт деген автобустар дизель болсо, быйылкы кышта Бишкеке жашап деле кереги жок болот окшойт.

Автобустардын келиши да Түлеевдик «коррупциялык» жолдорду баспагай эле. Билишимче газ автобустардын баасы 39 миң $ экен, а бул дизель автобустардын баасы 33 миң $ турат экен. Айтор, бааларда дагы айырма секирип жатат. «Мамлекеттен бир тыйын кеткен жок» - деп жатат. Анда бир жылда келип бүтө турган 350 автобус кандай негизде келди? Чын эле бепбекерби? Жок, болушу мүмкүн эмес. Алгандын бермейи бар да. Кредитке болсо керек. Бул кредитти жабыш үчүн ар бир автобус күнүнө 7-7.5 миң сом иштеп табышы керек.

Автобустардын Өзбекстандан келип жатканын эске алсак, анда Азияны «Кия», «Тойота» борборлору менен кармап турган өзбек эки ишкер жигиттин кулагы тикчийе тургандай. Булар жөн эле баш салчулар эмес эле. Кызыгы кыргыз тараптан аталган «Эко Пассажирские перевозки» ЖЧКсын, Кыргызстандын кен байлыктарына кенен колу-бутун салып тургандай.

Эмнеси болсо да, булганган шаарыбыздын тазалыгы үчүн деп, башында газ автобустар келет деп келишим түзүп, анан минтип дизель автобустардын келип жатышында чоң «сырлар» бар. УКМК укуругун ушундай күмөн санаткан иштердин башталганында ыргытпай, баары чырмалып, жеп, алып, туйтунуп бүтүп качып, автобустар талкаланып калганда иш козгоп, коррупциясы болсо камап калышат.

Жол киренин көтөрүлүшү ичиркентип турганда акысыз каттаган жаңы автобустар келе баштады.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости