www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украиналык саясат таануучу Дмитрий Корнейчук «Наш» телеканалынын эфиринде Орусия менен АКШнын президенттери «Түндүк агым-2» долбоорун ишке киргизүү боюнча жашыруун келишимге келишкенин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Анын айтымында, Батышта Украинага каршы «жакынкы орус агрессиясы» тууралуу билдирүүлөрдүн толкуну ушуга байланыштуу.

«Келишимдерге ылайык, «Түндүк Агым-2ни» ишке киргизүү керектигин жана бул Байден үчүн чоң «чыккынчылык» болорун эске алсак, алар «Байден Украинаны Путиндин чабуулунан куткарат жана Байден Түндүк агымдын ишке киришине тоскоол болбогонуна ишенгиле» деген оюнун аткарышат», - деди Корнейчук.

Саясат таануучу украин бийлиги бул сценарийге ыраазы экенин жана алар орус-америкалык келишимдер менен ойноп жатканын баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости