www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда Мамлекеттик салык комитетинин төрагасы Шерзод Кудбиев 17-январдагы басма сөз жыйынында журналисттердин бирине айткан сөзү үчүн сынга алынууда.

Аткаминер Qalampir.uz сайтынын журналистине "азыр жаш кызсың, элдин атынан сүйлөй албайсың" деп, анын Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр тууралуу суроосуна жооп берүүдөн баш тарткан. Социалдык түйүн колдонуучулары Кудбиевдин бул сөздөрүн "агрессивдүүлүк" жана "сексизм" катары баалап, аны сынга алып жатышат.

Өзбекстанда 1-январда күчүнө кирген Салык кодексинин жаңы редакциясы ишкерлер менен калк арасында кызуу талкуу жаратып, көпчүлүгү мүлк салыгынын көбөйгөнүнө нааразылык билдирип жатышат.

Беклгилей кетсек, буга чейин Кудбиев салык системасын өзгөртүүнүн максаты — "бизнес субъектилерин көмүскөдөн чыгаруу жана мыйзамды сыйлаган салык төлөөчүлөрдүн атаандаштык шарттарын начарлатып, мамлекеттик бюджетти уурдаган кассалык уюмдарды жоюу" экенин билдирген.

Эске салсак, күн мурун социалдык түйүн колдонуучулары Салык кызматынын башчысы оор жана ыңгайсыз суроолордон оңой кутулуу үчүн маалымат жыйынына адистер менен ишкерлерди эмес, журналисттерди гана чакырганын сындап жазышкан.

Өзбекстандык журналисттер менен блогерлердин арасында Шерзод Кудбиев өлкө президентинин жубайы Зироатхон Мирзиёеванын тууганы экени айтылып келет. Бирок Кудбиев буга чейинки маектеринде мындай билдирүүлөрдү четке кагып, президент жана анын жубайы менен эч кандай туугандык байланышы жок экенин билдирген.

41 жаштагы Шерзод Кудбиев Өзбекстандын Мамлекеттик салык комитетинин төрагасы кызматына 2020-жылы май айында дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости