www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орозайым Нарматованын диплому мыйзамсыз экенин УКМК ашкерелеп, элибиз үлгү ала тургандай жакшы иш жасады. Эми акылы барлар окушат, алдамчылык жолу менен жогорку билим алуудан этияттап калышат. Коом үчүн маанилүү иштин өтөөсүнө чыгышты. Баса. “Эрдик кылсаң сүрө кыл” демекчи, УКМК адилеттүүлүк үчүн изги ишин уланта алабы?

Баарыбыз билгендей, “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынан депутат Таалайбек Сарыбашев жасалма дипломго, кош жарандуулукка ээ деп шектелип келгени билгилүү. Өзү “лам” деп ооз ача албай, дайыма буйтап качат. Коомчулук талап кылып атып чарчады.

Натыйжада, УКМК текшерүүгө алып, мыйзамдуулук үчүн ыпластыкты ашкерелейби? Ошондо калыстык орномок. Антпесе чатак, “томуктай кызды эле көрүп калышты, өздөрүн чукушпайт” дегендер арбын. Ток этери, эл көзүнө кара кылды как жарган калыс саясат жүрсө, бийликтин да аброю көтөрүлөт эле. (Ал эми Таалайбек Сарыбашевдин коррупцияга шектелгенине өзүнчө токтолобуз.)

Булак: Азия News гезити

Последние новости