www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Прагалык Bankwatch Network түйүнү Өзбекстандын өкмөтү коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү үчүн бөлүнгөн каражатты максатсыз пайдаланган болушу мүмкүн экенин билдирди.

Уюм жарыялаган баяндамада бул жөнүндө кабар берген активист сабалганы жазылган.

Пандемия башталганда эл аралык каржы институттары, анын ичинде Азия өнүктүрүү банкы Өзбекстандын антикризисттик фондуна 600 миллион доллардан ашык акча которгон.

Bankwatch Network уюмунун координатору Нина Лесихинанын айтымында, ачык-айкындуулуктун жоктугуна байланыштуу Өзбекстан коронавируска бөлүнгөн акчаны кантип пайдаланып жатканын текшерүүгө мүмкүн эмес. Ошол эле маалда ал уюм бул жаатта коррупциялык бир нече тенденцияларды байкаганын белгиледи.

"Маселен, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Ташкенттин мэри Жахонгир Артыкхожаевге байланышы бар үч компания – Enter Engineering, "Обод шахар куриш" жана "Узтемирйулкурилишмонтаж" медициналык мекемелерди куруу боюнча ири келишимдерге ээ болгон",– деди Нина Лесихина.

Баяндамада Фергана облусунда жеке коргонуу каражаттары өлкө боюнча алып караганда үч эсеге жогору баада сатылып алынганы айтылат.

"Крзисттик фонддун күмөндүү ишмердүүлүгү жөнүндө айтып чыккан активисттер менен блогерлердин оозун жаап жатышат. Маселен, сабалган блогер Миразиз Бозоров бул тууралуу биринчилерден болуп кабарлаган. 2020-жылы июлда ал Азия өнүктүрүү банкына, Дүйнөлүк банкка ачык кат жазып, Ташкент коррупцияга каршы туруу механизмдерин так аныктаганга чейин жардам көрсөтүүнү токтото турууга чакырган. Бозоров акча кантип коротулганы жөнүндө да толук маалымат берген. Жыйынтыгында эмне болду? Бозоров катуу сабалды. Аны ишмердүүлүгү үчүн жоопкерчиликке тартышты", - деди Нина Лесихина.

Антикризисттик фонд 2020-жылы 19-мартта президент Шавкат Мирзиёевдин жарлыгы менен түзүлгөн. Тыштан келген 1 миллиард доллар насыядан фондго 10 триллион сум (932 млн доллардан ашык) бөлүнгөн.

Ачык булактардан алынган маалыматтарга караганда, бул каражаттын басымдуу бөлүгү Мирзиёевге жакын адамдар жана аткаминерлер башкарган монополисттик компаниялардын эсебине которулган.

Өзбек өкмөтү Азия өнүктүрүү банкы берген насыяга тез жардам унаалары жана медициналык жабдуулар сатылып алынарын айткан. Эл аралык каржы институттары берген карыз бюджеттин эсебинен төлөнөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости