www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы курамына фракция мүчөлөрү кирген комиссия түзүп, депутаттарга кызматтык кабинеттер бөлүштүрүлөт, деп билдирди депутат Сайдулла Нышанов («Ата Мекен») 9-декабрда журналисттерге.

«Кабинеттер статусуна жараша бөлүштүрүлөт – вице-спикерлерге, фракциялардын төрагаларына. Калган кеңселер пропорционалдуу бөлүштүрүлөт, тиешелүү чечимди комиссия чыгарат», - деди ал.

Анын айтымында, болочок депутаттар кабинеттерди «брондой албайт», мыйзам боюнча комиссия бөлүштүрөт. Жаңы чакырылыш өзү чечет, деп кошумчалады ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости