www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул жолку каарманым Кыргыз мамлекеттик Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын көркөм жетекчиси, актёр Руслан мырза болду. Кудай тартуулаган талант менен гана чектелип калбастан, берилген ролду ийне-жибине чейин талдап ойногонуна эли күбө. Ар бир образды кыймылы менен эле аткарып койбостон, жан-дүйнөсү менен берилип, ошол каармандын туйгусун жүрөгүнүн түпкүрүнөн сезе билип, каармандардын бири-бирине окшошпогон кулк-мүнөзүн өтө чеберчилик менен ача алган мыкты кесипкөй.

- Ийгиликтин сыры таланттын күчүндө болуп жүрбөсүн...

- Негизи 99% эмгек болсо, 1 % талант дешет. Эмгектин үзүрү менен ийгиликтерди багындырышың акыйкат. Театр тармагында жалпы жолунан 50 дөн ашык спектаклдерде роль ойнодум.  Туңгуч театрында иштеп жүргөнүмдө “Таямам”, “Буюккан көч” койгон режиссёр Н. Абдыкадыров. 2000-жылдан бери Б. Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында иштеп келе жатамын. Л. Корсунскийдин “Концерт по заявкам” (Макулмун) пьесасында Болотту аткаргам, койгон режиссёру Н. Мамбетова. Драматург Ж. Кулмамбетовдун “Талант жана тагдыр” пьесасын койгон режиссёру А. Сарлыкбеков эле, мен Ажыгабылдын ролун аткарамын. Тажик драматургу Жума Куддустун “Хан оюну” пьесасында башкы каарман Золимди ойногом, режиссёру А. Сарлыкбеков. Драматург Меңди Мамазаированын “Актриса” спектаклинде Айбарды ойнодум, режиссёру Талант Апыев, “Аппак аял айдай кыз” драмасында Сырымды аткарганмын. Ч. Айтматовдун “Жамиласында” башкы каарман Даниярдын образын аткарамын, режиссёру Талант Апыев.

 

- Көздөгөн максатка жетүү үчүн адам кандай сапаттарга ээ болуу керек деп ойлойсуз?

- Оболу, өжөрлүк-ошол көздөгөн максатка жетүүнүн башкы сапаты. 4-классымда дил баян жазып жатканда чоңойгондо уникалдуу залкарларыбыз: С. Чокморов, С. Жумадылов, Б. Бейшеналиевдердей актёр боломун деп тилек кылганмын. Мына азыр ошол тилегим иш жүзүнө ашып актёр болдум.

- Кандай кырдаалга туш болсоңуз дагы эмоцияңызды жашыра билесизби?

Андай кырдаалга туш болгонумда ичимден жашыра билгенге аракет кыламын. Бирок тирүү жан болгон соң, өзүмдү кармана албай ачууга алдырып жиберген учурларым дагы жок эмес. Сахнада эмоцияны чыгарып берүүгө туура келет. Кыймыл аракет менен гана эмес, эмоцияң менен берилип ойнойсуң да ролду мыкты чыгарыш үчүн.

- Ушундай талант ээсин кандай ата-эне тарбиялады болду экен...

- Албетте, ар бир ата-эне баласын жакшы болсо деп тилек кылат. Раматылык атам Сейитбек 33 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан. Атам бардык музыкалык аспаптарда ойной алган таланты бар эле. Сүрөттү да келиштире тарткан, мыкты адам эле деп айтып калышат, атамды жакшы билгендер. Мен атамдын жолун жолдогонума сыймыктанам. Атамдын ордун жоктотпой Эркинбүбү апам бизди элден кем кылбай чоңойтту. Тентектигиме карабастан, апам мени катуу тарбиялап өстүрдү.

Азыр акыл калчап көрсөм, жакшы окуп, адам болсо экен дейт экен да. 8-классымда борбордогу М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга апам жетелеп  келип тапшыртып ийгиликтүү аяктагам. Тээ бала кездеги актёр болом деген көксөөмдү орундатыш үчүн, театралдык окуу жайды окуп, билимиди жогорулатыш үчүн андан кийин азыркы Б. Бейшеналиева искусство университети ал кезде институт эле, ошол окуу жайын бүтүргөм. Элдин ата-энесиндей башка кесипти танда деп кыйнабай, талантымды колдоп, актёрдук кесипти тандаганыма апамдын салымы чоң.

- Актёрго аткарыла элек роль кызык деп коёт го? Кыялыӊыздагы ролуӊуз бардыр?

– Актёрго ар дайым тапталган аргымактай болуп туруу кажет. Ошол актёрдун да ар курагында аткарсам деген кыялындагы ролу болууга тийиш. Андайды эӊсебеген, каалабаган актёр –кирип-чыкма актёрдун кейпин кийип калат. Бирок кыялданып олтура бергенден да майнап чыкпайт. Себеби актёр дагы саяпкер таптаган аргымактай, режиссёрго көз каранды.

Менин оюмда да көп эле жаратсам деген образдар, кейипкерлер бар. Менден элдер ар дайым “герой любовник” деп коёт ошол образдарда көрүп, күтүп көнүп калышкан. Бирок мен тарыхый чыгармаларда образ жаратып өзүмдү сынагым келет. Ошол жанрындагы ар кыл образды ачып бергим бар.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости