www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп коронавирустун вакцинасы даяр болуп калганын, бир нече аптадан кийин сунушталарын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

"Аз калды. Балким үч-төрт жумадан кийин алып чыгарбыз", — деди мамлекет башчысы.

Эгер вакцина толук иштелип чыкса, коронавируска каршы дүйнө жүзүндөгү экинчи вакцина болуп калат.

Буга чейин россиялык адистер COVID-19ду алдын алуу үчүн биринчи вакцинаны чыгарган. Ал "Спутник V" деп аталып, ушу тапта Россиянын аймактарына жөнөтүлүп баштады.

Бүгүнкүгө карата АКШда 6,6 миллион адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталган. Анын 2,5 миллиону айыгып, 195 миң адам каза болду.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости