www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дипломдук иш жазуу талабы жоюлдубу? КУУнун жообу

Кыргыз улуттук университети окуу жайында дипломдук иш жазуу тууралуу талап жоюлганы жөнүндөгү маалыматты четке какты. 16-сентябрда университеттин басма сөз кызматы мекеменин окуу бөлүмүнө таянып, андай болушу да мүмкүн эмес экенин билдирди. Ал дипломдук иштерди онлайн жактоого комиссия катышканын белгиледи.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык түйүндөрдө «Твиттердин» колдонуучусу: «Биздин университетте быйыл дипломдук иш сөзсүз жазылышы керек деген талап жоюлду. Каалоочулар гана жазып, калгандары курстук ишин өткөрсө болот» деп жазганы азыр талкуу жаратып жатат.

Эске салсак, өлкөдөгү коронавирус эпидемиясына байланыштуу быйыл март айында Кыргызстанда бардык окуу жайлары убактылуу карантинге жабылган. 2019-2020-окуу жылы аралыктан жыйынтыкталды. Жаңы окуу жылы да онлайн сабактар менен башталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости