www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавируска каршы вакцина  табылды

Кытайдын Zhejiang Hisun Pharmaceutical фармецевтикалык компаниясы Favipiravir дарысын коронавируска каршы, жакшы дары катары сатууга бийликтен уруксат алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, компания дары сатыкка толук чыкканга чейин клиникалык сыноолор уланаарын билдирди. Учурда мындай сыноолорго 70 бейтап катышып жатат.

Белгилей кетсек, Саламаттык сактоо боюнча дүйнөлүк уюм коронавируска каршы чыгарылган вакциналар, кишилерге төрт-беш айдан кийин сыноо иретинде сайыла баштайт. Ал эми жалпы массага 1 - 1,5 жылдан кийин сатыла баштаарын билдиришкен.

Эске салсак, Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялашкан.

Акыркы маалыматтарга таянсак бул тумоодон, 1770 адам көз жумса, 70548 адам бул оорууну жуктуруп алган. Ал эми бул оооруудан айыккандардын саны 10 миңге чамалады.

Булак: NazarNews.kg




 

 

 

Последние новости