www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын саны 151 миллион 803 миңден ашат. Алардын ичинен 3 миллион 186 миңден ашуун адам көз жумган (Европалык убакыт боюнча 02.05.2021-ж. 15:09 чейин).
Акыркы суткада дүйнөдө коронавирустук инфекциянын 808 563 учуру аныкталды. 12 870 бейтап көз жумган. Джон Хопкинс университетинин учурдагы маалыматы боюнча дүйнөдөгү оору 152 миллион 900 миңден ашуун адам илдетке чалдыккан, алардын 3 миллион 203 миңден ашыгы көз жумган.
Ырасталган учурлар боюнча: ДССУнун маалыматы боюнча, Америка Кошмо Штаттары 32,002 миллиондон ашуун адам коронавируска чалдыккан. Экинчи орунда Индия (19,557 миллиондон ашык), Үчүнчү орунда Бразилия (14,659 миллиондон ашык), төртүнчү орунда Франция (5,553 млн. ашык), Түркия бешинчи орунда (4,849 миллиондон ашык).
ДСУнун маалыматы боюнча, бир күндө АКШда 53 567, Индияда 392 488, Бразилияда 68 333, Францияда 23 986 жана Түркияда 28 817 жаңы учур катталган.
Ушул жылдын 28-апрелине карата дүйнө жүзү боюнча 1 миллиард 011 миллион дозадан ашык коронавирустук вакцина колдонулду.