www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3-майда Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова Бишкек травматология жана ортопедия илимий борборунда дарыланып жаткан Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуяларда жаракат алгандардан кабар алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ошондой эле төрайым жарадар болгон аскер кызматкерлеринин ал-акыбалын сурап, алардын мекенди коргоодо тайманбас эрдик көрсөтүшкөн каармандыгын, баатырдыгын баса белгиледи.

Бакирова дарыланып жаткандардын тез арада сакайып кетишин каалап, Жогорку Сотунун атынан акчалай жардам көрсөттү", - деп жазылган маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости