www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран коронавирустан коркуп 85 миң кылмышкерди түрмөдөн чыгарып жиберди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар өлкөнүн сот бийлигинин өкүлү Голямхосейн Эсмаилинин сөзүнө таянып жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Иран бийлиги мындай кадамдын негизги максаты — жаза өтөө жайларында коронавирустун жайылышын алдын алуу экенин, учурда 85 миң адам эркиндикке чыкканын билдирген.
Бирок, алар пандемия жоюлгандан кийин кайра абакка кайтарылаар-кайтарылбасы айтылган эмес.
Эске сала кетсек, 19-февраль күнү Ирандын жаранынан коронавирус аныкталып, 1 айдын ичинде эле вирус 14миң кишиге жугуп, 853 адамдын өмүрүн алды. Ошону менен катар 5миң киши бул илдеттен айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.
Булак: NazarNews.kg