www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирустан каза болгон 84 жаштагы аял киши Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Куланак айылынын тургуну. Анын буга чейин өпкөсү ооручу. Бул тууралуу жергиликтүү булактарга аталган айылдын башчысы Өмүралиев Окен билдирди.
"Каза болгон адам буга чейин апрель айында айылдагы ооруканада 10 күндөй дарыланып чыккан. Анын өпкөсү ооручу экен. Маркум аялдын Нарын шаарында кызы жана келини дарыгер болуп иштечү. Бул киши акыркы убакта Нарын шаарында дарыланып жаткан. Каза болгон адам вирусту ошол жактан жуктурушу мүмкүн. Ал Нарындагы ооруканада каза болду.
Анын сөөгүн кечээ күнү "Тез жардам" кызматы менен алып келип, мүрзөдөн эле жаназасы окулуп, жерге берилди. Эч кандай сөөк коюу каадасы болгон жок. Жаназага дагы аз эле адам катышты. Анын дагы бир келини мектепте мугалим болуп иштечү. Ал чогуу иштешкендер менен жолугуптур. Азыркы учурда ким келини менен контакт болсо жашырбай айткыла деп тактап жатабыз. Айыл толугу менен карантинге алынды. Дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп жатат", - деди айыл башчысы.
Булак: NazarNews.org