www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2021-жылдын жети айынын ичинде өлкө боюнча 945 адам COVID оорусунан каза болгон. Анын ичинен 121и (13 пайызы) гепатит оорусу менен жабыркап жүргөндөр болгон. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин эпидемиологу Султан Султанбаев билдирди.
Ал гепатит менен ооругандар кайсы учурда эмделип, кайсы мезгилде эмделбеши керектигин түшүндүргөн.
Гепатит менен ооругандарга кайсы учурда вакцина жасоого болбойт?
Гепатит оорусунун курч мезгилинде;
Өнөкөт оорусу өрчүп турган мезгилде;
Цирроз түрү;
Фульминанттык формасы;
Биохимиялык көрсөткүч жогору болгондо;
Боорду трансплантациялоодон кийин;
Боордун рак оорусуна айланган учурда.
Дарыгер вакцинаны клиникалык белгилери жок учурда, өнөкөт оорусунун активдүү эмес формасында, ремиссияда жана гепатиттен толук дарыланган соң сайдырса болорун айтты.
Булак: NazarNews.kg