www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армения: Пашинян кайрадан премьер-министр болду

Никол Пашинян Армениянын премьер-министрлигине бекиди. Мындай жарлыкка өлкө президенти Армен Саркисян кол койду. Пашинянды премьер-министрликке шайлоодон кийин алгачкы жыйынына чогулган парламенттеги «Жарандык келишим» партиясы көрсөттү.

Эми Пашинян 15 күн ичинде өкмөттү курашы керек. Министрликте талапкерлерди депутаттар бекитишет. Маалымат каражаттары өкмөттү куроодо премьер-министрге маселе жаралбай турганын жазышууда. Себеби, учурдагы чакырылыштын үчтөн экисин Пашиняндын партиясынын өкүлдөрү ээлеген.

Парламенттин алгачкы жыйынына оппозициячыл партиялардын депутаттары камактагы саясатчылардын сүрөтү түшүрүлүп «саясий туткундар» деген жазуусу бар кийим кийип келишти. Алар бийликке сын айткан саясатчылар куугунтукка кабылып жатканын айтып келишет.

Арменияда мөөнөтүнөн мурдагы парламенттик шайлоо июнь айында өткөн. Ага Тоолуу Карабактагы алты аптага созулган согуштан кийин Азербайжан менен түзүлгөн келишимге байланышкан саясий кризис себеп болгон. Ал учурда согушта Армениянын жеңилишине Пашинянды күнөөлөгөндөр бир нече жума Ереванда нааразылык акцияларын өткөргөн. Кризистен чыгуу жолу катары парламенттик шайлоо өткөрүү чечими кабыл алынган эле.

Шайлоодо Никол Пашиняндын партиясы кайрадан көпчүлүк добуш алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости