www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таалайбек Сарыбашов мэриядагы уулун жумуштан кетирди

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Таалайбек Сарыбашов менен муниципалитетте иштеген уулун кызматтан алды. Бул туурасында калаа башчынын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров билдирди.

Анын уулу Нурсултан Насирбеков мэриянын борбордук аппаратынын уюштуруу-инспектордук бөлүмүнүн адиси болуп иштеп жаткан. Маалымат катчы Нурсултан Насирбековдун буга чейин конкурстан өтүп кызматка алынганын белгиледи.

Эске салсак, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кызматын которуп, 2-августта Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости