www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирустан ооруп айыккан бейтаптарды көзөмөлгө алуу маселеси каралып жатат. Бул тууралуу өкмөт башчы Кубатбек Боронов брифинг учурунда билдирди.
Илдеттен айыккандан кийин деле айрым бейтаптардын ден соолугу калыбына келиши көп убакытты аларын белгилеген.
"Өзгөчө пневмониядан адамдын тез арада айыгып кетиши кыйын экен. Сакайгандардын арасында бир айдан кийин деле дем алуусу кыйындап, башка органдары жабыркаганын көрүп жатабыз. Калктын саламаттыгы үчүн реабилитациялык иш-чараларды уюштуруу иштери жүрүп жатат. Жарандардын жашаган жери боюнча дарыгерлер консультативдик жардам берүүсү пландалууда", — деди Боронов.
Ал эми оорулуулардын ден соолугун калыбына келтирүү үчүн туура иш жүрүгүзүү зарыл экенин кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg