www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын Стамбул шаарында адамдар жасалма аракка ууланып каза болуп жатышат. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, каза болгондордун саны 20га жетти, дагы 34 киши оор абалда ооруканада жатат. Бул адамдар коронавирустан сактануу үчүн арак ичишкен. Алардын баары Түркмөнстандын жарандары.
Ал эми, жасалма спирт саткан деп 7 киши кармалган.
Эске салса кетсек, коронавирустун алдын алуу катары алкоголь ичимдиктерин ичип, каза болгон учур Иранда да катталган. Анда метил спиртин ичип 7 киши өлсө, дагы 4 киши сокур болуп калган.
Коронавирустан спирт ичимдиктери, тамеки чегүү сактай албастыгын адистер эскертип келишет.
Булак: NazarNews.kg