www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев коронавирус боюнча өткөрүлгөн брифингде Кыргызстанда 54 жагдай боюнча дары-дармектер бар экенин айтты. Эң негизгиси дарыгерлер тарабынан аныкталган дары-дармекти гана колдонуу керек. Бирок, алардын 12си боюнча тартыштык бар, бул деген жок дегенди түшүндүрбөйт. Ал эми 42 жагдай боюнча дары-дармектерди кымбат болсо да дарыканалардан тапса болот. Анткени, дарыканаларда элдин көйгөйү эмес, дарыкана ээлеринин байышы биринчи орунда турат. Ал эми кечинде арак ичип, сүртүнүп жатсаң эрте менен коронавирустан айыгасын деген пикир деле туура эмес сөз экен. Анткени организм ар бир адамдыкы ар башка. Далилденген гана медициналык дарылар менен дарыланып, дарыкана ээлеринин капчыгын толтуруп туруш керек. 56 дары керек болсо, бүгүнкү күнү анын 12 түрү жетишпей жатат. Ал нерсе дарылар жок дегенди түшүндүрбөйт. Алардын запасы болушу керек. 42 түр дарынын 3 айлык убакытка жете тургандай гана запасы бар
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg