www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустан «табыт» деген транспортко канча убак?

Чечектен кырылып калчу кыргыздар министр мамлекеттин эсебинен сыйлайын десе да эмнеге козголбойт? Вакцина байыркы Индияда жаралганына үч миң жыл болду. Арийне, совет мамлекети келгиче кыргыздар чечектен, кара тумоодон боо-боо түшүп кырылып калчу экен. Төрөлөөр менен вакцина сайылып, бул оорудан  кырылгандан кутулдук. Былтыр коронавирустун вакцинасы табылбай жатканда карайлап калганбыз. Эми вакциналар Москвадан, Бээжинден агыла баштады. Министр болсо вакцина сайдыргыла телефонуңарга бирдик салып берейин деп калды.Учурда кооптуулук жаратып жаткан коронавирус инфекциясынын жалпы абалы жана ага каршы калкка эмдөө жүргүзүү иштеринин жүрүшү тууралуу бир катар пикирлер айтылууда. Калк арасында эмдөөгө терс пикир айткандар да жок эмес. Республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган 1 млн 250 миң доза өлчөмүндөгү коронавирус инфекциясына каршы Sinopharm кытай вакцинасынын жаңы партиясы жеткирилди.  Министрлер Кабинети Кытай Эл Республикасына COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө, ошондой эле вакцина сатып алуу маселесинде көрсөтүлүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирет.Министрлер Кабинети да жарандарды өзүн жана жакын адамдарын сактап, вакцинацияланууга чакырып жатат. Ушул жылдын июль айынын башында республиканын жетекчилигинин тапшырмасы боюнча 1 млн 100 миң доза кытай вакцинасы сатылып алынган. Жалпысынан 2 млн 350 мин доза сатылып алынды.

Азыр дүйнөдө 3 млрд. 900 миллиондон ашык вакцинация жасалды. Бул илдеттен дүйнө жүзүндөгү элди толук эмдегенде гана кутулабыз. Чечектен деле эмдөө жолу менен арылышкан. Ушуга чейин чечек боюнча бир да учур каттала элек.
Вакцина алуунун негизги максаты жана анын кесепети туурасында кененирээк ой жүгүртөлү. Учурда былтыркыдай эле оору күчөп турган маал. Вирус жуктургандардын саны күнүнө 1000дин тегерегинде болсо, көз жумгандардын саны ондон ашып кетүүдө. Мунун башкы себеби эмнеде? Канча убакытка чейин ушул жогорку көрсөткүчтө турабыз? Кээ бир эксперттердин айтуусунда коронавирус бир нече жылдан кийин сасык тумоодой болуп калышы ыктымал. Ал тургай ага антителасы барлар да ооруп, эл дартты жеңил формада көтөрүшү мүмкүн. Бул тууралуу антисептиктин формуласын ойлоп тапкан швейцариялык адис Дидье Питте чет элдик басылмаларга билдирген. 

Ал дүйнөдө пандемияга алып келген коронавирустун бир нече түрү бар экенин айтып, бирок адамдар жуктуруп жаткан түрүнө иммунитет бала кезден эле иштелип чыгарын белгилеген. Бул вирустарды билип, иммунитет иштелип чыккан күндө деле убакыт өткөн сайын ал жеңил сасык тумоо сыяктуу болуп калат. Беш же 10 жылдан кийин калктын 100 пайызы, балким 99 пайызында COVID-19га антителасы пайда болот. Бирок анын жеңил түрү менен ооруй берет. Ал сасык тумоодой эле болуп калат.

Питте дүйнөдө коронавируска каршы вакцина иштелип чыкпаганда жамааттык иммунитеттин пайда болуусу үчүн 6дан 10го чейин коронавирус толкуну болушу керек эле деген ойду кошумчалаган. Ал калк канчалык көп эмделсе, дүйнө ошончо эрте кадимки жашоого кайтарын эскертип, балдарды да эмдөө керектигине токтолгон.

Азыркы күндөгү коронавирус боюнча абалды оор деп эсептейбиз. Анткени июль айынын акыркы жумасын эске алганда эле оору жуккан 7804 учур катталды. Муну быйылкы марттын акыркы жумасы менен салыштырсак, анда 701 учур аныкталган. Мындайча айтканда, азыр оору жуктуруу 10-11 эсеге көп болуп, жогорку көрсөткүчтө турабыз. Бирок ылдыйлоого бир аз үмүт бар. Июль айынын алгачкы аптасында статистика 10 124 кишинин ооруп калганын көрсөткөн. Ошондон бери сан бир аз азаюуда. Бейтаптардын саны дүйшөмбү күндөн бери аздап болсо да 969, 930, 958 болуп төмөндөп келе жатат. Бул апта ушул көрсөткүч менен аяктаса, өткөн жумадан 1000 учурга азыраак болот.

Ал эми аймактар боюнча Бишкек менен Чүйдө COVID арбын. Өткөн жумада эң көп Баткен облусунда катталган.. Себеби коронавирустун 1-2-толкунунда да алгач оорунун көптүгү Бишкек менен Чүйдө, анан жүрүп отуруп, эң акырында Баткенде байкалган. Бул дагы ооруну алып жүргөн адамдардын миграциясына байланыштуу болот. Мындан ары акырындан ылдыйлай берет деген ойдобуз.

Эми күнүмдүк маалыматтарга токтолсок, бүгүн, 958 учур катталды. Ошол эле учурда сакайып чыккандар 1 485 адамды түздү. Бул жалпы дарыланып жаткандардын 500 адамга азайгандыгын билдирет. Кечээ 530, андан мурунку күнү 727 бейтапка азайган. Бул күндөрү коронавирус жуктуруп алгандарга караганда айыгып чыккандар көп болууда.

Бишкек менен Ошто оорунун көп катталышы калктын жыштыгына, медициналык кызматтардын көптүгүнө, миграцияга жана вирус штаммдарынын өзгөрүшүнө байланыштуу. Азыркылар вирустун алгачкы штаммдарына караганда тез тароо касиетине ээ, тагыраагы, 50 пайыздан 70 пайызга чейин тез тарайт.

Акыркы кезде коронавирустун штаммдары да көбөйүп, соңку учурда "индиялык" штамм жайылып жатат. Анын белгилери да мурдагыларга салыштырганда кескин айырмаланып, көбүн эсе ичеги-карын ооруларына алып келип, жөтөл эмес ич өткөк менен башталат деп жатат. Бейтаптардын канча пайызы кайсы штамм менен жабыркап жатканы тууралуу так, толук маалымат жок. Вирустарды референс лабораторияларга жөнөтүшкөндө эле ал жактан кайсы штаммдар кездешип жаткандыгы боюнча жалпы маалымат берилет. Оорунун жүрүшү тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун билдирүүлөрүнө карап, аталган штаммдар бизге да келиши мүмкүн. Кийин алардын Кыргызстанда бар экендиги аныкталган. Казакстандын Нурсултан жана Алматы шаарында оорунун штаммдарын так аныктай алган эки лабораториясы бар. Казак окумуштуулары менен жолугушканыбызда алар вирустун "дельта" түрү 60 пайыздан ашкандыгын айтышты. Бирок биз ага өтө деле маани бере бербешибиз керек. Бул маалымат вирусолог, эпидемиолог жана дарыгерлердин тенденцияга көз салып туруусу үчүн керек. Жарандарга анча маанилүү эмес. Алар жүрүм-турумун эле көзөмөлдөп, оорудан сактануунун камын көрүүсү зарыл.

Вирус мурда жаныбарлардын организминде жүргөн болсо, кийин адамдын организмине киргенде сөзсүз мутацияга тушуккан. Анткени өзгөрүүгө муктаж. Элибиз мутация болуу — бул вирустун күчөшү деп түшүнүп албашы керек. Тескерисинче, вирустун өзгөрүшүнүн 95 пайызы өзүнө каршы иштейт. Беш пайызы гана ошол жерге ыңгайлашып жашап кетет. Негизинен вирустун башкы курамы али өзгөрүлө элек. Көбүнчө S белок жана N белок өңдүү сырткы кабыкчасында гана өзгөрүүлөр болуп жатат. Андан кийин айта турчу нерсе, коронавирус 1-2 жылдын ичинде ушунчалык деңгээлге чейин өзгөрбөйт. Өзүнүн касиетин толук кубултуп, башка вирус болуп кала албайт. Башкача айтканда, 5-6 ай мурдагы коронавируска антителоңуз иштелип чыкса, оору кайра жукса деле сөзсүз түрдө сактайт. Ошондой эле вакцина да коронавирустун баштапкы штаммдарынан алынгандыктан вирустун бардык түрүнөн коргой алат.

Калк арасында ушу кезге чейин эмдөө иштери солгун жүрүүдө. Күзгө чейин элдин 70 пайызы эмделип калса, Билим берүү министрлиги мектептерди оффлайн түрүндө ачууга даярдыгын айткан. Байкап көрсөк, күзгө чейин ал көрсөткүчкө жетпейт окшойбуз. "Вакцина илимий изилдөөлөрдөн толук өткөн жок" деген кооптонуулар айтылып жатат.

Эл аралык талап боюнча ПЧР анализ үч күнгө чейин жарайт. Эмдөөнүн ПЧРге эч кандай тиешеси жок. Антитело иштелип чыккыча болжол менен 14 күндөн 21 күнгө чейин убакыт кетет. 21 күндөн кийин экинчи дозасын алабыз. Анткени биринчи дозасын алганда, иммунитет иштеп чыгып жаткан организм "бул вирус башка келбей калды го, эмне үчүн мен антитело иштеп чыгып жатам" дей баштайт. Ошентип иммунитет иштеп чыгуу процессин организм кескин түрдө өзү токтотот же азайтат. Ошол себептен организмди образдуу айтканда "жок, бул вирус сага дагы түшөт" деп алдап вакцинанын экинчи компонентин сайганда, организм аны сезип, антителолордун жогорку деңгээлдегисин иштеп чыгат. Иммунитет көпкө чейин сакталат. "Вакцина алгандан кийин 12 күндөн соң ПЧР тапшырсам анализ оң болуп чыгып калды" дегендер бар. Бул турган иш. Анткени вакцина вирус жугуудан сактабайт. Бул адамдар вирус жуктурган эле адамдар болуп эсептелинет. Вакцинанын ага эч тиешеси жок. Башка өлкөгө чыкканда вакцина алган болсоң, ПЧР тест сурабайт. Анткени оору андан ары көбөйбөйт жана башкаларга жугуу жагы да 99 пайыз төмөндөйт. Вакцина аларда же алгандан кийин антитело тапшырып убара болбой эле койгула.

Ошондой эле ВИЧ/СПИД же онкологиялык оорулар менен ооругандар да эмдөө алса, кийин оору жукканда организм аны таанып дароо иммунитет иштеп чыгып, жеңил өтөт.

Вакцинация алгандан кийин кийин өтө катуу деле эреже талап кылынбайт. Өзүңөрдү эки-үч күн байкагыла. Ошол күнү эле бассейнге же кир сууга түшсөңөр вакцина алган жер бир аз кызарып же болбосо инфекция кирип кетиши мүмкүн. Ушул себептен үч күнгө чейин сактанып тургула.

Калктын 60-70 пайызында ооруга иммунитет пайда болуп калды. Азыр күнүнө 15-20 миң адам вакцина алып жатат. Ушул темп менен кетсек, вакцина алгандардын саны 90 пайызга жетет. Анда түрдүү штаммдарга карабай оорунун азыркыдай жогорулоосу болбойт. Коронавирус да сасык тумоодой мезгил-мезгили менен бир аз гана адамдын арасында айланып жүрө бере турган абалга келип алат. Бул вирус мурдатан эле бар эле, бирок азыркысы өз касиеттерин толук өзгөрткөн түрдө келди. Муну лабораторияда жасалган деген чындыкка дал келбейт. Бул вирус 293 миллион жыл мурда эле пайда болгон жана өткөн кылымда эле аныкталган. Ал улам кичинеден өзгөрүп турган.

Вакцина алгандан кийинки же болбосо ооруп айыккандарда пайда болгон иммунологиялык эс-тутум адам өмүрүнүн акырына чейин калат. Вирустарды талкалагандан кийин организмдеги антителолорду организм аз-аздан азайтат. Анын сезгичтиги тиешелүү деңгээлден ылдый түшүп кеткенде лабораториялар "жок" деп көрсөтө берет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости