www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын спортчулары Токиодогу Олимпиада оюндарына палоо жана май нан ала барышкан. Бул тууралуу Россиянын «ТАСС» басылмасы жазды.

«Биз самарканд жана салттуу палоодон 500 банка, ошондой эле 200дөй май нан жана уй этин алып келгенбиз. Аларды башка спортчулар менен дагы бөлүшүп жатабыз. Мисалы, жакында эле россиялык спортчуларга бир нече май нан бердик», - деди «ТАССтын» кабарчысы менен маектешкен өзбекстандык спортчу.

Өзбекстан Олимпиада оюндарына 71 спортчу жөнөткөн. Учурда алардын экөө медаль жеңди.

Тактап айтканда, Улугбек Рашитов спорттун тхэквондо түрү боюнча алтын медаль жеңсе, дзюдочу Давлат Бобонов коло медаль утту.

Булагы: NazarNews.kg

Последние новости