www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул жерде калыстарды күнөөлөп, биздин спорт тармагынын жетекчилигинин дарегине сын-пикирлер айтылып жатканын окуп жатабыз. Мындай пикирди Президенттин Администрациясынын Билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн жетекчиси Галина Байтерек билдирди.  

--"Урматтуу достор! Кыргызстандык спортчулардын Токио олимпиадасындагы мелдештери өз деңгээлинде өтүп жатат. Ар бир спортчу өзүнүн даярдыгына жараша дараметин көрсөтүп жатышат. Кечээ балбан кызыбыз Айпери Медет кызы болгон аракетин жумшап, тилекке каршы финалга чыга албай калды. Бул жерде калыстарды күнөөлөп, биздин спорт тармагынын жетекчилигинин дарегине да сын-пикирлер айтылып кеткенин социалдык тармактардан окуп жатабыз.

Биз Олимпиада оюндарына күбө болуп жатканыбызды унутпайлы. Анткени олимпиадалык оюндар чоң жоопкерчилик менен бирге тыкыр көзөмөлдө жүрүп келген, жүрө берет. Биз спортчуларыбыздын мындан аркы дараметине ишенебиз!", - дейт Галиев Байтерек. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости