www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2-августта Нуркыз Назаркулова УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго Кайрылуу жасады. 

"Урматтуу Камчыбек Ташиев эгер өлкөнү гүлдөгөн өлкөлөрдүн катарына кошом десеңиздер, тырымтыракайын чыгарып жаткан жерибиздеги кен казуу иштерин токтотуңуздар! Бейиштей болуп гүлдөп турган Ата-Журтубузду кытайлар таш-талканын чыгарып токойлорун кыйууда!

Таш-талканы чыккан кереметтүү менин айылым, токойлору кыйрап, таштары чачырап, талкаланган мөңгүлөр...

Жыты аңкыган арчалар, жайкалган түрдүү гүлдөрү, уудургуп жердин түбүнөн чыккан таптаза шылдыраган булактары, ар мезгили менен бышкан токойдогу түркүн мөмө-жемиштер деги койчу, көз жоосун алган бейиштей болгон кооз жерибизди кытайлар талкалап, кен казабыз деген аракеттери күч болууда! Бул жерлер Аксы районунун Ак-Жол Айыл Өкмөтү нө караштуу Кызыл-Бейит менен Күрп-Сай айлынын башын бириктирип турган чокулар, Суук-Дөбө, Герүү, Шилби, Акчек сайдын ичи Кырк-Эчки. Чырылдап ызылдаган ошол эки айылдын тургундары өмүр бою жашоо шарты катаал, мектеби жок, догдуру жок, электр жарыгы жок, жолу жок эле мал жан менен тиричилик кылып келген ! Жерибиздин баарын кытайлар басып, кенин казып, ошол айылдын эң башындагы чокуга алтынын чайкай турган базасын куруп жатышат. Алтынды жууп иштеп чыгаруучу чоң-чоң эки база курулат экен, бири Кызыл-Бейит тараптагы Акчекке курулса, бири Күрп-Сай айылынын эң башындагы чокуга курулат экен. Дал ошол Күрп-Сай эли камсыз болгон, тагыраак айтканда, сайдагы булактардын көзүнүн үстүнө курулат экен, бул биринчи маселе. Экинчи маселе ошол эки айылдын тургундары жайкысын малын багып келчү жайыттарынан ажырап жатышат. Ошол эки айылдын тургундары кышы-жайы жалаң мал менен жан баккан адамдар, алардын малдан башка кирешелери жок, башка жумуштары жок!

Анан эле элдин жашоосун ойлобой эле силерге свет тарттырып беребиз, ар бир үйгө башаттан суу тарттырып беребиз, тим эле аркы берки айылга каттаганга зыңыгыратып жол салып беребиз деп, бийликтин пахтакорлору жомокторун айтып элдин башын айландырууда! Ал жердегилерге эч кандай светтин да булактан тартылган суунун да кереги жок. Ушул убакка чейин жөн эле жашап келишкен, дагы да жашай беришет. Бейиштей болгон жерибизди аңтар-теңтер кылып кооз жаратылышты бузганга эч кимдин аксы жок! Урматтуу Садыр Жапаров сиз да бир кездерде элим ууланып жатат жерим бузулуп жатат, мынча тонна алтынды чет мамлекеттерге ташып кетиптир деп чырылдап, куугунтук алып анан калса камалып, кескиленип, бала чакаңыздан бери тепкиленип, жада калса бийликтин кесепетинен атаңызга топурак сала албай, апаңыздан, балаңыздан ажырап, жакшы эле азапты тарттыңыз! Ошол сиздикиндей көйгөй азыр биздин элдин башында турат.

Ойлонуп акыл калчап, ата-бабабыздан калган жерибизди урпактарыбызга аман-түгөл кооз боюнча өткөрүп берүүбүз абзел! Биз эки айылдын тургундары Суук-Дөбө тоосундагы казыла турган алтын кенине карашыбыз! Ошол казылып жаткан кендин кесепети бүтүндөй Түштүк элине чоң зыяны тиет, себеби ошол айылдардан агып келген суу Кыргызстандын кан тамыры болгон Нарын дарыясына келип кошулат. Келиңиздер Урматтуу улуу журтум, Урматтуу САДЫР НУРГОЖОЕВИЧ кеч боло электе ойлонуп, ойгонуп алтын кенинин казууну токтотолу! Айылга келген жергиликтүү Аким баш болгон чоңдоруңар токтотууга эч кимдин, эч кандай укугу жок деп баса белгилеп, ишке тоскоол болгондорго мыйзам чегинде чара көрүлө тургандыгын айтып, элге сес көрсөтүүдө! Ушул убакка чейин эч ким кабар албаган айылдан алтын кени керек болгондо, тарпка чогулган жорудай эле келет экен го... Буга чейин ошол айылдын элинин жашоо шарты кандай, эмне жетишпейт, элдер кандай жашоодо күн кечирип жатат...? деп эч бири элдин жашоосу менен таанышкан эмес! Кызыл-Бейит элинин жашоочулары жолу жок, Нарын дарыясын кайык менен кесип өтүшүп канчалаган туугандарыбыз кышында шамал-бороонго кабылып, канчасы набыт болду. Айлыбызды сел алып жолдору жок, жөө жалаң кыдырма жол менен оокат ташып, бизди баккан биздин аталарыбыз. Ошондо кимдер келип бизден кабар алды эле? тилекке каршы эч ким...Мектеби жок ушул айылдын балдары кайдан билим алышат, ооруганда кайда барышат? деген эч ким жок! Ал эми кен бар экен, алтын чыгат экен ошонуу казуу керек дегенде элдин талабын эмес, Кытайдын арыгын чаап, Кытайларды коргогонуңарга жол болсун! Эмне дейин айтаарга сөз жок... Армандар толтура деги элдин үнүн угуучу кишилер барбы? Өз Өлкөсүндө, өз Ата-Журтунда кор болгон элим, деги кайсы заманда кайсы өлкөдө жашап жатабыз?", - деп жыйынтыктаган Назаркулова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости