www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кантемир Турдалиев:

Жеңиш Молдокматовдун ачкачылык жарыялаганына 6 күндөн ашты, абалы начарлап кетти. Бул тууралуу саясатчы Жеңиш Молдокматовдун жактоочусу Кантемир Турдалиев билдирди. 

--"26-июлда тергөөчү ага 2020-жылдын 9-октябрь күнү Бишкектин борбордук “Ала-Тоо” аянтындагы болгон окуялар боюнча КР ЖКнин 264 беренесинин 1-бөлүгү боюнча шектенүү жөнүндө кабарлама тапшырган. Ошондо Жеңиш Молдакматов 2020-жылдын 9-октябрдагы окуялары боюнча ага шектенүү жөнүндө кабарламанын берилишин мыйзамсыз,чектен аша чапкандык деп баалап, тергөөнүн мыйзамсыз иш-аракеттерине нааразылык иретинде ачкачылык жарылаганын билдирген.

Ага карата акыйкатсыз болуп жатканына нааразы болгон саясатчы Жеңиш Молдакматов ачкачылык жарыялаган. Мына бүгүн алты күн болду. Учурда абалы начарлап кетти.

Молдакматовдун негизги талабы – абактан бошонуу эмес, бул ага карата жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки териштирүүнүн адилеттүү, мыйзам чегинде болушун талап кылууда", - дейт жактоочу. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости