www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оор кылмыштары жасаган чет өлкөлүк жаран кармалды

КР УКМК тарабынан терроризмге каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Эл аралык террордук уюмдун (ЭТУ) активдүү мүчөсү, өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында жашырынып жүргөн "Х.И." аттуу чет өлкөнүн жараны аныкталып, кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, изделип жаткан "Х.И." эл аралык терроризмдин чет элдик борборлорунун координациясы астында куралдуу чыр-чатак аймагына жиберүү максатында калктын диний бөлүгү арасында активдүү үгүт иштерин кылып жүргөнү аныкталган.

Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Азыркы учурда КР УКМК Эл аралык террордук уюмдун ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын улантууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости