www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Көзүңө жаш келет! Абабил куштары Ыйык каабаны таваф кылды!", - деген видео тарады. Бул тууралуу ua.kg жарыялады.

Сауд Арабиясы коронавирус коркунучуна байланыштуу ажылык кичи зыяратты убактылуу токтоткон. Миллиондогон адамдар топтолуучу Мекке жана Мединага болчу зыяраттар вирустун жайылуусунун алдын алуу сауд өкмөтү зыярат жайын дезинфекциялоо иштерин баштаган.

Зыяратчылардын агымы токтотулгандан кийин таптакыр бош калганы кабарланган. Андан көп өтпө касиеттүү саналган каабаны белгисиз канаттуулар айланып уча баштаганын социалдык тармактын колдонуучулары өз баракчаларына жарыялашкан.

Бул канаттуу түрү Ыйык Курандагы «Фил» сүрөсүндө айтылган Каабаны талкалоо үчүн келген Йемен башкаруучусу Абрахага каршы Кудай тарабынан жиберилген Абабил куштары экени маалымдалды.

Буга чейин Ыйык Кабаа 1979-жылы жабылган. Андан 41 жыл өткөндөн кийин Коронавирустун жайылышынын алдын алуу максатында убактылуу жабылган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости