www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустан улам каза болгон Ноокаттын тургуну жерге берилди. Бул туурасында Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча комендант Малик Нурдинов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, сөөктү жерге берүүгө жана жаназасына турууга маркумдун туугандары катыша алган жок.

"Коронавирустан каза тапкан ноокаттык жаранды жерге берүүдө 5-6 адам гана болду. Жаназасы ошол жерде окулду. Ачык айтайын, тууган-уруктарынан эч ким болгон жок", - деди комендант.

Бүгүн, 3-апрелде саат 10:00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 5 учур катталды, жалпы сутка ичинде 14 жаӊы учур аныкталды.

Ошентип өлкөбүздө:

Тастыкталган учурлар – 130
Айыккандар – 5
Каза болгондор – 1

Эске сала кетсек, 130 кишинин ичинен 4 оор абалда, 1 бейтап жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган.

Мындан сырткары, 2-апрелде Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап биологиялык өлүмдөн каза тапты.

Ал чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткан. ПЧР-анализинин жыйынтыгы менен бейтапта COVID-19 инфекциясы бар экени тастыкталды.

Ошондой эле, бейтапта дагы башка кошо өрчүп кеткен оорулары да бар болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости