www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму экономикасы өнүккөн мамлекеттердин ичинен коронавирус пандемиясынан Улуу Британия көбүрөөк жапа чеккенин аныктады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Британиянын ИДПсынын көлөмү ушул жылдын экинчи кварталында 20,4 пайызга чейин кыскарган. Ошол эле учурда Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмундагы 37 мамлекеттин экономикасы биринчи кварталга салыштырмалуу 9,8 пайызга төмөндөгөнү айтылды.

Улуу Британиянын экономикасы буга чейин мынчалык жапа чеккен эмес, деп белгилейт BBC News.

Эксперттердин айтымында, экономиканын кескин түшүп кетүүсүнө коронавирустан улам киргизилген чектөө чаралары себеп болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости