www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова коронавирустун өлкөгө киришинин алдын алуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги отурумун өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдиргендей, 2020-жылдын 8-февралына карата Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус менен ооругандар жок. Эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес өлкөлөрдөн келгендердин ар бири термометр жана жогорку дем алуу жолдорунун үлгүлөрүн аныктоо лабораториясынан өтүүдө. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун нускамасына ылайык даярдалган иш-аракеттердин алгоритми боюнча жүргүзүлүүдө.

Министр жыйындын катышуучуларын изилдөөлөрдү өткөрүүгө Улуттук вирусологиялык лаборатория даярдалганын, ал эл аралык стандарттарга дал келип, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан аккредитациядан өткөнүн билдирди. Улуттук вирусологиялык лабораториянын бардык медициналык кызматкерлери окутуудан өтүшкөн жана ишинде эл аралык стандарттарды карманышат. Изилдөөлөр үчүн зарыл нерселердин баары бар, лабораториялар Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан аккредитациядан өткөн.

Жыйын учурунда белгиленгендей, бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат, профилактикалык зарыл чаралар кабыл алынган. Карантиндик аймактар жарандарды кабыл алууга даяр, зарыл болгон бардык керек-жарагы менен байкоо жүргүзүүчү убактылуу имараттар камдалган. Бет каптар, жеке коргоочу каражаттар, респираторлор жетиштүү деңгээлде.  

Мындан тышкары билим берүү мекемелеринде, мектептерде, бала бакчаларда, лицейлерде жана жогорку окуу жайларында, социалдык мекемелерде вирустук инфекциялардын, анын ичинде коронавирустун алдын алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүрүүдө. 

Ошондой эле жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу пункттарында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  тарабынан 313 орун даярдалган: «Торугарт» өткөрүү пункттунда – 100 орун, «Иркештам» - 100 орун, «Манас» эл аралык аэропортунда – 83, Ош шаарындагы аэропортто – 30 керебет. Зарыл болгон шартта орундар көбөйтүлөт. 

Отурумдун жыйынтыгы боюнча Алтынай Өмүрбекова бир катар тапшырмаларды берди, анын ичинде өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү улантуу милденттендирип, бардык алдын алуу чараларынын топтомун так аткаруу зарылдыгын көрсөттү. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости