www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери ушул жылдын 14-январында Кытайга барып, коронавирустук инфекциянын себептерин иликтей тургандыгы жөнүндө кабарлаганбыз. Жакынкы убакытта, ДСУнун адистери коронавирустун булагы биринчи аныкталган Ухань шаарынан изилдөөнү башташат. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Чжао Лицзян билдирди.

--"Биздин учурдагы планга ылайык, алар Сингапурдан Уханга 14-январда учуп кетишет, эгер кошумча маалыматтар болсо, Кытай маалыматтар менен бөлүшүүгө даяр", - деди Чжао Лицзянь.

ДСУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус коронавирусту изилдөө үчүн Кытайга сапар уюштурулуп жаткандыгына кубанычта экендигин билдирди.

ДСУнун эксперттик тобуна Россия, АКШ, Вьетнам, Улуу Британия, Судан, Катар, Нидерландия, Австралия, Дания, Германия, Кения жана Япониянын окумуштуулары киргендиги белгиленди.

Эске сала кетсек, коронавирус биринчи жолу 2019-жылы 17-ноябрда Кытайдын Ухань шаарында табылган. Адамга жарганат аркылуу жугат деп божомолдошкон, бирок кайсы жаныбар вирусту таратууда жарганаттар менен адамдардын ортосунда ортомчу болуп калгандыгы белгисиз.

Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнөдө коронавирус менен ооруган 91 миллиондон ашуун адам бар. 1 миллион 955 миңден ашуун бейтап көз жумган.

Рушана Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости