www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз өзү көпкө көнбөй, азга көнүп үйрөнгөн. Жакшы жолду көргүсү келбейт, чукулап, ажылдап, жалаа-жаап, ичи күйдүлүк кылып жүрүп жок кылып тынат да, анан тынчып, жели чыгып олтуруп калат. Негизи Райымбек Матраимов боюнча анчалык глобалдык деңгээлде проблема кылбай акырын териштирсе болмок. “Азаттык” менен Алинин ушагынан азыркы учурда Кытайдан келген товарлар Казакстан аркылуу кирип жатат. Ортодо Казакстан Республикасы Бажыдан түшкөн пайданы көрүүдө. Али казактардын пайдасына иштеп берди. Мындан кийин Кыргызстанда кымбатчылык, Казакстанда арзанчылык болуп, биздин бизнесмендер товарларды казактардан ташып калышы мүмкүн. Бул күндөр алыс эмес.

Райымбек Матраимовго асылып токтобой жаткандар Кыргызстандын экономикасын эле эмес, Ата Мекендик ишкерлердин бизнесин, талкалап жатасыңар. Дордой, Кара Суу, Мадина базарларын жеке түрдүү курулуш ж.б. товарлар менен дүңүнөн жумуш жасаган ишкерлердин абалын сурамжылоо жүргүзүп көргүлөчү?

Соода, бизнес тынчтыкты каалайт. Тескерисинче Райымбек Матраимовго баатырлык наамды бериш керек болчу. Алиге окшогон бузукуларды жоопко тартыш керек. Ишкерлердин жумушуна зыян болгонун сурап чыккыла. Бүгүнкү күндө канчалык кыйын, татаал болуп, бардык тараптан бизнестери артка кетти.

Бажыга байланышкан маселени кечке Райымбек Матраимовго чаптай берип, тынчытпай атын көтөрүп жатып, ишкерлерди банкрот кылып, кумардан чыктыңарбы? Трайбалист, бузукулар!

Райымбек Матраимовго эмес, кыргыздын болгон соода боюнча мамилесин, Дордой, Кара Суу, Мадина базарларындагы жана түрдүү ишкер фирмалар, компаниялардагы жүк ташуучу айдоочулар ж.б. түрдүү ишкерлерге, миллиондогон нан таап жеп жүргөн майда, орто, чоң ишкерлердин ишине, кыргыз экономикасына түшүп турган салыктарга зыян кылдыңар.

Казакстан, Өзбекстан унчукпай эле өнүгүп, өсүп жатат. Чукулашып, бири-бириңе ичи тардык кылып, Америкага чейин арызданып, арамдык кылып олтурбай, иштин жагдайына туура маани беришип, экономикасын өнүктүрүп жатышат. Качан көрө албастык, бузукулук токтомоюнча, “Азаттык”, баш болгон Али сыяктуу арамзаада журналисттер, Батыштан каржыланган НПОлор, укук коргоочу болумуштар жок болгондо гана тынчыйбыз.

Кыргызстандын ичине бейпилдик, өнүгүү орносун десек, калыс баа бергенди үйрөнөлү. Али жалган маалыматтары, провокаторлук аракеттери менен өз жанын өзү багып жүргөн карапайым элдин ырыскысын уурдады. Кыргыз элинин душманы катары наам берсе эч ким жаңылбайт.

Надира Нарматова, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты

Последние новости