www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттык сактоо министрлиги 2020-жылы 179 миллион сомго сапатсыз жана кереги жок вакциналарды сатып алган. Башкы прокурор Курманкул Зулушев бул жөнүндө Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин отурумунда билдирди. Зулушевдин айтымында, ошол убакта министрликтин жооптуу адамдары жеке компаниядан 135 миллион сомго сасык тумоого каршы вакцинанын 550 миң дозасын алган. Алар техникалык талаптарга жооп бербейт экен. Ошондой эле кереги жок болсо дагы пневмококко каршы 44 миллион сомго 20 миң доза вакцина алынган. Бул боюнча тергөө жүрүп жатканын Зулушев билдирди. Башкы прокурордун билдиргенине караганда, мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү коррупция актуалдуу көйгөй болууда. Ал кеп туура эмес пландаштыруу, өз ара сүйлөшүп алуу, чыгымдар жана бюджеттин каражатын ыйгарып алуу тууралуу болуп жатканын белгилеген. Бул Космосбек Чолпонбаевдин убагында болдубу же Алымкадыр Бейшеналиевдин убагында болдубу, азырынча тактала элек. Бирок, карапайым элдин көздөрүн бойогондору чын.
Коронавирус деп коюшуп, акчаны мүлжүп жаткандар болгонун эл шекшип калышты. Орус элчилигинин айтуусунда 200 миң доза «Спутник Лайтты» сатып алуу үчүн 1,2 млн доллар бөлүнөт. Коронавирус кээ бирөөлөр атайы байып алыш үчүн атайын жугузулуп жаткан оорудай сезилет. Орустар «Спутниктен» байып, чиришти. Мына Кыргызстандан 200 миң доза үчүн миллиондогон доллар сыгып алат. Дүйнөдө вакцинадан улам миллиардерлер чыгышканын «Форбс» жазууда. «Уу коргошуну» унутулуп, Орусия вакцинасына оогон Бейшеналиев түбөлүк министрликти көздөп жатат.
Коронавирустук вакцинаны алгандан кийин - ысытма, жүрөк айлануу жана башка белгилер улгайган адамдарда жана ден-соолугу начар адамдарда өлүмгө алып келиши мүмкүн. "Спутник V" вакцинасына буюртма берген Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө үч баскычта жүргүзүлүп жатат. Биринчи өкмөттүн жана донордук уюмдардын каржылык колдоосунда медицина кызматкерлери эмделген. Экинчи баскычта COVAX программасынын алкагында эмдөө жүрүп, ага оору жугуп калуу коркунучу жогору саналган тобокелдик тобундагылар, калктын социалдык аярлуу катмары эмделген.
Үчүнчү баскычта мамлекеттик жана донордук уюмдардын эсебинен жарандарды эмдөө улантылат. Эмдөөнүн биринчи жана үчүнчү баскычында 371 953 адамга вакцина сайылат, ага 226 млн. сом коротулат. Экинчисинде COVAX программасы - вакциналар жана эмдөө боюнча глобалдык альянстын алкагында 1 млн 200 миң адам эмделет. Ал үчүн глобалдык альянс 9 вакцинаны Кыргызстанга сунуш кылган, кыргыз өкмөтү алардын арасынан ылайыктуусун тандап алууга тийиш. Өлкөдө эмдөө иштери 1-июндан башталган.
2020- жылы бүткүл дүйнөлүк пандемия күч алып, Кыргызстанга да карантин киргенде, маалыматтар ушул дарт тууралуу кан-какшап, кээ бир адамдардын ындыны өчө баштаган. Былтыркы жылга караганда тездик менен дүйнөнүн кээ бир мамлекеттери коронавируска каршы эмдей турган вакциналарды таап, көпчүлүктүн үмүтүн алоолонтуп турат. Ооба, эми деле коронавирус биротоло элди таштап кетип калган жок. Бул оору биротоло чыгып кетпей, COVID-19 дан соң коронавирустун SARS-CoV-2 деген түрү катталып, бул дарт экинчи толкунун, үчүнчү толкунун көрсөтүп жатат.
Коронавирус менен ооруп айыгып, андан кийин вакцина алган бейтаптардын иммунитети башкалардыкына салыштырмалуу күчтүү болот. Ооруп айыккандан кийин антитело иштелип чыгат, эмдөөдөн өтүүнүн кажети барбы? Сакайгандардын иммунитети коронавирустун кайсы түрү менен ооруса ошондон жакшы коргойт, бирок башка штаммдардан начар сактайт. Вакцина алгандардын иммунитети бардык штаммдардан коргойт, болгону "түштүк африкалык" же "бета" штаммына катуу таасир эте албайт. Жалпысынан эмдөөдөн өткөндөр оорудан оолак болорун дарыгерлер айтышууда. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев парламенттин отурумунда Кытайда жана Орусияда ойлонуп табылган коронавирустан эмдөөчү вакциналарды Кыргызстанда өндүрүү үчүн сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.
Барган сайын, эксперттер жана өкмөттөр бир эле вакцинанын же эки башка вакцинаны аралаштырып кошумча дозасын сайууну жактап жатышат. Профессор Джиндин айтымында, Pfizer же Moderna вакцинасынан кошумча Sinovac жана Sinopharm сайса, баштапкы коргоо күчөшү мүмкүн. Индонезиядагы “кызыл зонада” иштеген жумушчуларга эки Sinovacтан кийин Moderna вакцинасы сайылат, ал эми Бахрейн 50 жаштан өткөндөрдү Sinopharmдын эки дозасынан кийин Pfizer менен эмделүүгө үндөйт.
Бириккен Араб Эмираттары жана Түркия жарандарына Sinopharm жана Sinovac вакциналарын үчүнчү жолу алууну сунуштап жатышат. Таиланд дагы ушундай кадамды планьаштырууда. Бирок профессор Каулинг Индонезияда эмдөө баштапкы баскычта жүрүп жаткандыктан үчүнчү дозаны таңулоо эрте болушу мүмкүн деп күмөн саноодо.
Үчүнчү дозанын кошумча пайдасы кандай болоорун чындыгында жакшылап ойлонуш керек, эмдөөгө мүмкүнчүлүгү болбогон коомдогу улгайган кишиге эки дозанын жардамы канчалык деңгээлде болот деп салыштыруу зарыл. Sinovac Biotech компаниясы үчүнчү дозанын натыйжалуулугун клиникалык изилдөөлөрдөн өткөзүп жаткандыгын жана натыйжалар кубандыраарлык экенин айтты, бирок Covid-19дан коргонуу үчүн эки доза жетиштүү деп ишендирди.
Казакстандын ооруларды алдын алуу боюнча медициналык академиясынын президенти, иммунолог Алмаз Шарман коронавирус пандемиясы учурунда эмне себептен грипп дээрлик жок болуп кеткенин түшүндүрдү. Чындыгында эле грипп дээрлик жок болуп кетти. Анткени көпчүлүк бет кап тагынып калды. COVID-19 жок учурда деле эл бет кап тагынып, грипптен коргонсо дал ушундай эле болмок. Вирус адамдын организминде көбөйөт, ага кире албаса, өзүнөн-өзү жок болот. Ошондой эле кишилер колун тез-тез жууп, гигиенаны катуу сактай баштагандыктан ичеги-карын инфекциялары азайды. Шармандын айтымында, грипп — адамды өлүмгө алып келе турган кооптуу тумоолордун катарында турат. Андан жыл сайын дүйнөдө 200 миңдей киши каза табат.
Sinopharm кытай вакцинасы
Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ван Вэнби, өлкөнүн вакциналары "эл аралык коомчулукта өзүнүн коопсуздугу жана эффективдүүлүгү менен таанылып, жакшы абройго ээ болду" деп билдирди.
Кытайдын эки негизги Covid-19 вакцинасы - Синовак (Sinovac) жана Синофарм (Sinopharm) менен эмделген калктын арасында инфекция жайылып, ал тургай өлүмдөр да катталып жатканы тууралуу терс жаңылыктар көңүл чордонунда илинди. Ушундан улам вакциналардын таасирдүүлүгү жөнүндө суроолор жаралды, бирок адистер бул вакциналар көп адамдын өмүрүн сактап калгандыгын да белгилешти. Эки вакцина тең жарды жана орто кирешелүү өлкөлөрдө кеңири колдонулат, андыктан анын кесепети чоң болушу мүмкүн.
Кытайда даярдалып жаткан бул вакцина менен кытайлык миллиондогон адамдар эмделишти. Бириккен Араб эмираты 3 миллион дозага буюртма беришкен. Пакистан, Бахрейн 1 жарым миллион дозага. Бирок Пакистандын премьер-министри Имран Хан бул вакцинаны алган соң коронавирус менен ооруп калганын маалымат билдирген. Учурда Кытай Ухан шаарында Sinopharmдын түгөйү Sinovac даярдалып жатат. Кытай 300 миллион доза иштетүүгө аракет кылып жатат. Анткени Сингапур, Түркия, Бразилия, Чили жана Индонезия сыяктуу мамлекеттер буюртма беришкен.
«Спутник V» орус вакцинасы
Бул вакцина 2020-жылдын 11-августунда катталган. Бүгүнкү күнү дүйнө жүзүнө кеңири тарап жаткан вакцина «Спутник V» болуп эсептелет. Орусиянын президенти Владимир Путин башкаларга үлгү болуу үчүн бул вакцина менен эмделди. Дүйнөдө элүүдөн ашык мамлекет "Спутник V" вакцинасын колдонуу чечимин чыгарган. Анын ичинде Кыргызстан да бар. "Спутник V" вакцинасын оңой менен бир нерсени жактырбаган европалыктардын тездик менен жактырышып "орус рулеткасына" салыштырышы чоң үмүттөрдү пайда кылып турат. Негизи эле Европа орусиялык препаратка кызыгуусун жашырган жок. Европа биримдигинин мамлекеттери медикаменттин европалык рынокко чыгарышпай Дары-дармек боюнча европалык агенттиктин уруксатын алганча күтөт. Бир гана дурус эмес жагдай медицина да саясатка байланып алган, Дары-дармек боюнча европалык агенттиктин жетекчилери саясий көз караштары боюнча эки анжы болуп турат. Анткени бул препарат канчалык деңгээлде жакшы болгону менен бул препаратты АКШнын саясий атаандашы Орусия жасап чыгарып жатпайбы?
Канткен күндө да Брюсселдин вакцина жаатындагы көйгөйлөрү көбөйүп баратканын эске алсак, кылдат ойлонулган, учурдун идеологияларына толук туура келген европалык пландарынын таш-талканы чыгарышып кээ бир саясатчылар "Спутник V" вакцинасын колдонууга чакыра баштады. Орусиялык жана башка өзүнө "ылайык эмес" препараттарды жаратпай коюу боюнча борборлоштурулган жол-жобонун ордуна Дары-дармек боюнча европалык агенттик "Спутник V" вакцинасын сертификациялоо үчүн экспертиза процессин баштоого мажбур.
Болгондо да аталган препараттын Германия башында турган таасирдүү колдоочу топ бар. Европа биримдигинде эмдөө жагдайы ушунчалык татаал, ошондуктан Европа комиссиясы Брюсселдин уруксаты болбогон өндүрүшчүлөрдөн да препаратты өлкөлөрдүн өз алдынча сатып алуу укугун тааныды. Ал эми маалымат каражаттары "Европанын чордонунда Путиндин пропагандалык ийгилиги" тууралуу гана эмес, европалык стратегиянын кемчиликтери жөнүндө да ачык эле жаза башташты.
Коронавирустан өлүм саны боюнча дүйнөдө биринчи сапка чыккан Сан-Марино деген мамлекет орусиялык "Спутник V" вакцинасын биринчилерден болуп каттаган себебин жазып чыкты. Пандемиядан катуу жабыркаган өлкө бийлиги ЕБдин борборлоштурулган каналдары аркылуу вакцина алуу аракетинде Брюсселдин бардык каалгаларын каккылаган. Майнап чыккан эмес. "Ошондуктан биз Орусия Федерациясына кайрылып, ушундай жол менен "Спутник V" вакцинасын алууга жетиштик" дешет.
Ушундай эле дагы бир мисал – Италиянын активдүү аракеттери. Бир нече апта мурун ЕБде вакцинаны экпорттоого бөгөт коюуга жол берген механизм киргизилди. Италиялыктар бул процедураны алкачкылардан болуп колдонуп отурат. Австралияга италиялык Ананьи шаарындагы ишканада өндүрүлгөн өз препаратынан 250 миң ченемди жөнөткөн. Ошону менен бирге эле Австралияда COVID-19 жагдайы Европага караганда кыйла дурус, илдет жуктургандардын саны салыштырмалуу төмөн. Италиялык активдүүлүк муну менен чектелбеди. Эки күн мурун Орусиялык түз инвестициялар фонду менен Adienne Pharma&Biotech компаниясы "Спутник V" вакцинасын Италияда өндүрүү боюнча макулдашууга кол коюшту. Бул Европада ушундай өңүттөгү биринчи документ болуп калды.
Швед-англиялык Oxford AstraZeneca вакцинасы
Oxford университетинде швециялык жана британиялык окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан. Бул вакцина Улуу Британияда, Индияда, Аргентинада колдонулуп жатат. Италиянын ушул айда AstraZeneca технологиясы боюнча өз өндүрүшүн ачууга чейин колундагы 300 миң ченемди жеткире алат. Ошондуктан италиялык бийлик бул партияны экспорттоо өтүнүчүн жөн гана четке какты. Ал эми өлкөнүн премьер-министри Марио Драги ЕБди вакцина менен жабдуу боюнча келишимдик милдеттенмелерин аткарбаган компанияларга бир топ катаал чара көрүүгө чакырды. Бул антирейтингде AstraZeneca алдыңкы сапта турат.
Америкалык Pfizer жана Германиянын BioNTech вакцинасы
Америкалык Pfizer 2020 – жылдын 21-декабрында Дары-дармек боюнча европалык агенттик тарабынан, 2020 – жылдын 31-декабрында Бүткүл дүйнөлүк салматтыкты сактоо уюму тарабынан колдоого алынган. Улуу Британия алгачкылардан болуп колдонуп, анын артынан Бахрейн, Сауд Арабиясы, АКШ, Канада сыяктуу мамлекеттер толук колдонууга бет алышкан. Америкалык Pfizer жана Германиянын BioNTech компаниясы кызматташкан соң Евробиримдик булар менен 200 миллион дозага жана кошумча 100 миллион дозага контракт түзүшкөн. Ал эми 2021-жылдын январында дагы 300 миллион дозага контракт түзүштү. Америкалык Pfizer жана Германиянын BioNTech компаниясы чыгарган вакцина 2021-жылга карата 2 миллиард дозага жеткизүүнү пландап жатышат.
Американын Pfizer компаниясы жана Германиянын BioNTech компаниясы чыгарган дары менен эмдөө Норвегияда ушул жылдын башында башталган. Норвегиянын Дары-дармек агенттиги эмдөөдөн кийин 23 адам каза болгонун билдиришкен. Ослодогу карылар үйүнүн жашоочулары биринчилерден болуп эмдөөдөн өтүштү. Жыл башында ар башка калктуу конуштарда үч адамга эмдөө жүргүзүлүп, үч адам өлүмү катталган. Учурда кырдаалды иликтөө үчүн тергөө иштери жүрүп жатат.
Америкалык Modern вакцинасы
Өткөн жылдын декабрында АКШ, 2020-жылдын 6 январында Евробиримдик колдоого алган. Кембриджде чыккан Modern 2021 жылы 1 млрд доза чыгарууну көздөөдө. 200 миллион Евробиримдик, АКШ, Улуу Британия, Япония, Швейцария жана Түштүк Корея 300 миллионго, Канада 40 миллионго буюртма беришкен. 2021-жылдын 12 январынан бул препарат BioNTech/Pfizer менен катар Германияда колдонууда.
Индиянын Covaxin вакцинасы
Индиянын Bharat Biotech International компаниясы иштеп чыккан Covaxin вакцинасы. 2021-жылдын 3-январынан AstraZeneca менен бирге Индияда колдонууда. Сынга карабай 20 млн доза сатылды. Bharat Biotech International 700 млн доза чыгарууну көздөп жатат. Индия пандемиядан аябай жапа чеккен мамлекет, бир жарым миллиард калкынын 150 000 миң киши в коронавирустан ажал тапкан.
"TURKOVAC"
Бул дартка каршы Орусия, АКШ, Кытай, Индия, Европанын бир топ мамлекеттери вакцина чыгарышты эле буларга Түркия кошулуп жаңы Ковид – 19 вакцинасынын атын "TURKOVAC" деп атады. Ковид - 19га каршы ата мекендик вакцинанын фаза - 3 иликтөөсүнүн негизинде ыктыярдуулар менен жүргүзүлгөн эмдөө программасы президент Эрдогандын онлайн режимде катышуусу менен Анкара оорукана шаарчасында башталды.
Президент Эрдоган Түркияда эпидемиядан эртерээк куткаруу үчүн негизги нерсе өз вакцинабызга ээ болгонун сыймыктануу менен белгиледи. Бул вакцина менен бирге Түркия жаңы бир мезгилдин каалгаларын ачарын айтып, бир канча жуманын ичинде өлкөбүздөгү 18 жаштан жогору болгон жарандарыбыздын баарын эмдөөгө аларын билдирди.
Азыр Индия, Европада көптөгөн мамлекеттер өз вакцинасын чыгарды, буларга кошуна Казакстан да кошулду.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg