www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айдар Бакыев: «Ооганстан империялардын мазары болуп калды»

Дүйнө коомчулугу талибандардын кадамынан кийин дүрбөлөңгө түшүп, айрым акңоолор астына түшүп баргандар дагы болбой койгон жок. Кызыгы өлкөбүздөгү кылкылдап жаш аялдардын койнуна жылыган молдо чалыштар булар биздин бир туугандар деп да чыгышты.

Дегенибиз менен талибандардын бийликке келиши менен мамлекет жыргап кеткен жок, артка карай багыт алып, көпчүлүктүн эмес, мамлекеттин тагжыры талкаланып барымтада калды.

Социалдык тармакта ар дайым өзүнүн пикирин таамай жазып жүргөн Айдар Бакыев «Ооганстан Империялардын мазары болуп калды», дейт.

«Улуу Британия, СССР, Европа биримдиги, Америка империялык аскердик интервенция жасап келишти. Жыйынтыгында трлндогон доллар, адамдардын өлүмү, туруксүздуктун аянты болуп келди. Эми өнүгүү жолуна түшүшсүн.

3 кылымдан бери тынчтыгы жок, ал тургай индустриалдык өнүгүүсү жок өлкө болду. Талибандар деле Кудайдан үмүтү бар кыймыл. Милитаристтик империялар киришпей турса эле өздөрүнчө өнүгүп кетсе керек деп ойлойм, - дейт Бакыев.

Эске салсак, Ооганстандагы кырдаал Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң кескин курчуган. Август айынын башында "Талибан"* кыймылы Ооганстандын аскер күчтөрүнө чабуулун активдештирип, 15-августта Кабулду басып алган. Анын эртеси эле согуш токтогонун жар салышкан.

Августтун акыркы эки жумасы америкалык аскерлердин көзөмөлүндө болгон Кабул аэропортунан Батыштын жарандары жана алар менен кызматташкан оогандар массалык түрдө эвакуацияланган. 31-августка караган түнү дээрлик 20 жылга жакын Ооганстанда болгон АКШ аскерлерин Кабул аэропортунан чыгарып кетишкен.

Сентябрь ичи талибдер убактылуу өкмөттүн курамын бекитип, чет мамлекеттерден расмий өкүлдөрдү кабыл алып сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм

Булак: NazarNews.kg

Последние новости