www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясат таануучу Эмил Джураев бул шайлоодон кийин кийинки төңкөрүш болбойт, бирок чыр-чатактар болтурбай коюу мүмкүн эмес деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн "Кыргыз Республикасынын саясий майданы: шайлоого чейин жана шайлоодон кийинки" тегерек столдо билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө оюнчулар өтө көп – 21 партия жана 200дөн ашык бир мандаттуу талапкер. Ал эми жыйынтыгын чыгаргандан кийин жер-жерлерде талаш-тартыштар жаралат, преференциялуу добуш берүүдөн улам партиялык тизме менен ат салышкан талапкерлердин арасында нааразычылыктар жаралат.
Эксперт ошондой эле жарыштын бардык катышуучуларына энтузиазм мүнөздүү экенин белгиледи. Бул Конституциядагы чектөөлөргө карабай, саясатчылар парламенттин салмагы болот деп үмүттөнүп жатканы менен да түшүндүрүлөт. Башкалары жөн эле Негизги Мыйзамды окуган эмес. Дагы бирөөлөр мандат алуу үчүн гана барышат.
Эмил Жураев бүгүнкү күндө саясий талаа абдан бытыранды, саясий бийлик институттары чабал экенин кошумчалады.
Анын пикирине дагы бир катышуучу, саясат таануучу Эдил Осмонбетов кошулат. Ал белгилегендей, Кыргызстандагы шайлоонун табияты ушундай, ар дайым карама-каршылыктар болот. Эксперт шайлоодон кийин эмне болорун, ЖКда кимдер болорун алдын ала айтууга эч ким батына албасын, шайлоонун жыйынтыгы кандай болорун эч ким билбей турганын айтты.
Саясат талдоочулар: бизде 30 жылдан бери калыптанып калган картина бар жана ал бүгүнкү реалдуулукту чагылдырып жатканын белгилеп, идеалдуу шайлоо болбой жатканын, бирок бийликте жарышты таза, административдик ресурссуз өткөрүүгө саясий эрк бар экенин белгилешти.
Белгилей кетсек, шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бирдиктүү шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу округдар боюнча мажоритардык система боюнча шайланат.
Булак: NazarNews.kg