www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жерге өтө кооптуу астероид жакындап келатат

НАСАнын Жерге жакын объекттерди изилдөө борбору 2016 JG12 аттуу астероиддин Жерди көздөй багыт алганын билдирди.

Космос агенттигинин маалыматына караганда, 20-ноябрда биздин планетанын жанынан 5,5 миллион километр аралыкта секундасына 7,48 километр ылдамдыкта асман телосу учат.

2016 JG12 биринчи жолу 2016-жылдын 3-майында табылган. Анын диаметри 83 метрден 190 метрге чейин жетет. Британиянын Daily Star маалымат порталы «Лондонский глаз» аттракционунан чоңураак экенин эсептеп чыкты.

НАСАнын веб-сайты жакынкы он жылдыктарда 2016 JG12 астероиди Жердин жанынан бир нече жолу учуп, бирок ушул жылдын ноябрь айындагыдай жакын эмес экенин белгилейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости